# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 604
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18520/edition/1119873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтому (16.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98133

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 26-августу № 604 Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80, 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык Тиешелүү мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө бюджеттик кирешелерди болжолдоону жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасы 1-тиркемеге ылайык;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Методиканы, Тартипти жана Колдонмону жетекчиликке алуу сунушталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 4-сентябрында № 85 жарыяланды

Премьер-министри

Т.Сариев
