# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 749 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 749 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 749
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18516/edition/1158697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 749 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98129

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-октябры № 749 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 78 жана 79-беренелерине шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 121-пунктунда:

үчүнчү абзацындагы “100 000” деген цифралар “1 000 000” деген цифралар менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацындагы “100 000 сом жана андан” деген цифралар жана сөздөр “1 000 000 сомдон” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;

- 130-пунктундагы “30” деген цифралар “10” деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 131-пунктундагы “3 күн” деген цифра жана сөз “үч иш күндүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
