# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 744 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 744 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 744
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18512/edition/748813/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 744 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (27.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98123

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-октябры № 744 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-жыл, № 10, 374-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 21-2-статья менен толукталсын: "21-2-статья. Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу фонду Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу фонду - республикалык бюджеттин курамында түзүлгөн акчалай каражаттардын фонду, ал кечиктирилгис чечимдерди талап кылган мамлекеттик экономикалык программалардын айрым чараларын каржылоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын негизги фонддорун түзүү, көбөйтүү, жаңылантуу, модернизациялоо жана экономика тармагын өнүктүрүү үчүн колдонулат. Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу фондунун каражаттары багытына ылайык келбеген максаттарга колдонулбайт. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу фондун түзүүнүн жана анын каражаттарын башкаруунун тартиби, алардын булактары жана колдонуу багыттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
