# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 743
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18511/edition/1145478/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому (27.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98121

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-октябры № 743 Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө “Дары-дармек каражаттары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
