Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 27-октябры № 735 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу жана тындыруу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жободо:
8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “Эмитент Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жана чет өлкөлүк валютада МКО чыгарууну ишке ашырууга укуктуу.”; 20-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “ - табыштамаларды минималдуу канааттандыруу төмөнкүдөй чектерде камсыздалат: эгерде берилген табыштамалардын суммасы тең же жарыяланган эмиссиянын көлөмүнөн ашык болсо - табыштамаларды минималдуу канааттандыруу жарыяланган эмиссиянын 25%ын түзөт; эгерде берилген табыштамалардын суммасы жарыяланган эмиссиядан аз болсо - канааттандырылган табыштамалардын минималдуу көлөмү берилген табыштамалардын чегинде белгиленет”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону…Постановление · 02.10.2008 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон