Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-октябры № 727 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзамдын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 7-статьяда: 2-бөлүгүндө: экинчи сүйлөмдөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзам менен пенсиялык камсыздандыруу иши бардык түрлөрү үчүн бирдей өлчөмдө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Пенсиянын базалык бөлүгү пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү пенсия дайындалган датага карата пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган адамдарга дайындалат жана төлөнөт."; 4-бөлүгүндө: биринчи сүйлөмүндө "пенсиянын" деген сөздөн кийин "базалык жана" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын: "Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Пенсиянын базалык бөлүгү, эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо индексацияланат.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 1432-VI "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 16.03.2017 · № 1432-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 9-февралындагы № 1336-VI "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 09.02.2017 · № 1336-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-мартындагы № 1451-VI "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 30.03.2017 · № 1451-VI
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 06.05.2017 · № 77
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон