Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-октябры № 722 «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11 -статья менен толукталсын:
«11 -статья. Жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы ички жер которуу жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, ички жер которуу процессинин жана ички аргасыз жер которуучу адамдар жана үй-бүлөлөр үчүн жаңы жашаган жеринде жана турган жеринде зарыл шарттарды түзүүнүн укуктук, уюштуруучулук негиздерин аныктайт.»;
3) 8-статьянын биринчи абзацындагы «чек коюлушу мүмкүн» деген сөздөр «чек коюлат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 13-статьяда:
5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 6-пункттагы «жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 14-статьянын 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 15, 24-31 жана 48-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 16-статьяда:
- 1-пунктта:
биринчи абзацтагы «каттап эсепке алуу органына» деген сөздөр алып салынсын; 1 жана 2-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «1) паспорт;
2) жарандын жаңы турак жайга кирүүсү үчүн негиз болгон документ (ордер, келишим, жаранга турак жай берген жактын арызы же башка укук белгилөөчү документ);»;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Жаранды жашаган жери боюнча каттоо ал документтерин берген күндөн тартып үч иш күндөн кечиктирилбей жүргүзүлөт.»;
- 5-пунктта:
биринчи абзацтагы «каттап эсепке алуу органы тарабынан» деген сөздөр алып салынсын; 1-пунктчасындагы «каттап эсепке алуу органынын» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17-статья. Жаранды турган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу
1. Жаранды турган жери боюнча каттоо жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан бир жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.
Өзүнүн жашаган жери болбогон турак жайга 45 календардык күндөн ашык мөөнөткө турган жерине (убактылуу жашаган) келген жаран келген күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде белгиленген формадагы арызы менен ыйгарым укуктуу органга кайрылууга милдеттүү. Мында жарандын паспорту көрсөтүлөт.
2. Жаранга менчиги катары өзүнө таандык болгон турак жайын жашоо үчүн берген жеке же юридикалык жак (үй ээси) турган жери боюнча катталууда ага көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.»;
9) 21-статья «Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген сөздөрдөн мурда «калкты мамлекеттик реестрге киргизүү чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен толукталсын;
10) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22-статья. Калктын реестрин түзүү жана анын жүргүзүлүшүн контролдоо
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын реестрин түзөт. Калктын реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Калктын реестринин жүргүзүлүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарынын Борбордук банкынын иштеши үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.»;
11) 33-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы «өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча» жана «токтоосуз түрдө» деген сөздөр алып салынсын;
12) 37-статьянын биринчи абзацындагы «коргоо, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сунушу боюнча» деген сөздөр алып салынсын;
13) 38-статьяда:
- 1-пунктта:
биринчи сүйлөмдөгү «Кыргыз Республикасынын жер которуу кызмат органына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи сүйлөмдөгү «жер которуу органы» деген сөздөр алып салынсын, «мөөнөттөрүн узартышы мүмкүн» деген сөздөр «мөөнөттөрү узартылат» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 4-пункттагы «жер которуу кызматы тарабынан» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 45-статьянын төртүнчү абзацы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөрдөн мурда «ички жер которуу чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 627-VI "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 01.06.2016 · № 627-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 855-VI "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 30.06.2016 · № 855-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 485-VI "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.04.2016 · № 485-VI
Шилтеме берет (3)
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон