# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 718 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 718 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 718
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18493/edition/748777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 718 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98103

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-октябры № 718 “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзамдын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж, №7, 761-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-беренеде:

отуз үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Туунду баалуу кагаздар - баалуу кагазды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн механизми базалык активдин келишиминде белгиленген мөөнөттүн аралыгында сатып алуу же сатуу укугу менен же болбосо ушундай баалуу кагаздын негизин түзгөн базалык активдин баасын өзгөртүүгө байланыштуу пайда болуучу мүлктүк укук (милдеттенме) менен байланышкан баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздардын түрлөрүн, аларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттарын, ошондой эле алардын базалык активдерине талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.”; алтымыш үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- туунду баалуу кагаздар;”.

2. 12-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктундагы “инвестициялык фонд болуп эсептелген” деген сөздөр алып салынсын.

3. 14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

“4. Карыздык баалуу кагаздарды айкын сунуштаган эмитентине талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.”.

2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
