Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 10-августу № 566 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин 6-пунктун аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак-габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:
- 1,2 жана 3-пункттардагы “**” белгилери алып салынсын;
- 6 жана 10-пункттардагы “*” белгиси алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
экинчи-бешинчи жана жетинчи абзацтары “*” белгиси менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: “Эскертүү: *радиациялык контролдоо чек ара контролу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.”; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 5-пунктта:
алтынчы абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын; жетинчи абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын; тогузунчу абзацтагы: “өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын (адиси) адистери” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистери” сөздөр менен алмаштырылсын; “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 7-пункту “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 9-пункттун экинчи абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 10-пункттун экинчи абзацы:
“бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын; “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 11-пункту “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 13-пунктта:
биринчи абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын; экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 14-пунктта:
биринчи абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын; алтынчы абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 16-пункттун үчүнчү абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 17-пункттун биринчи абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 18-пунктта:
биринчи абзацы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын; үчүнчү абзацындагы “бажы эрежелерин бузуу менен ташып өткөрүлүүчү,” деген сөздөр алып салынсын;
- 19-пункт “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 20-пунктта:
биринчи абзацындагы “өзгөчө кырдаалдар боюнча жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бажы/чек ара органынын кызмат адамы менен бирге иондоштуруучу нурлануунун деңгээли жогору болгон товарлар, транспорт каражаттары жана багаж менен андан аркы жүргүзүлүүчү иш аракеттердин тартибин аныктайт. Мамлекеттик чек ара аркылуу радиоактивдүү материалдар мыйзамсыз алынып баратканы табылган учурда, бажы/чек ара органы бажы кызматынын бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнө тиешелүү иш чараларды жүргүзүү үчүн кабар берет.”;
- 3-главанын аталышы “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын;
- 21-пункттун биринчи абзацында:
“бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын; “100 мкЗв/саат” деген цифра жана сөздөр “1 мкЗв/саат ” деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын; “бажылык” деген сөздөн кийин “/чек ара” деген белги жана сөз менен толукталсын.
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
үчүнчү абзацындагы “өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана саламаттыкты сактоо жаатындагы радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Иондоштуруучу нурлануунун деңгээли жогору болгон товарларга жана транспорт каражаттарына тереңдетилген радиациялык изилдөө жүргүзүү жөнүндө корутундунун негизинде (3-тиркеме) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери менен бирдикте бажы/чек ара органынын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан товарларга жана транспорт каражаттарына экспертиза жүргүзүү үчүн чыгарылган токтом экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.”.
4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-сентябрындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу" ЖобоПоложение · 26.10.2011 · № 674
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү…Постановление · 26.10.2011 · № 674
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарынын (ТКП) тизмеси (Кыргыз…Перечень · 08.08.2011 · № 454
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча…Постановление · 31.01.2025 · № 46
- "Кыргыз Республикасынын аймагында продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо" (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтому менен…Положение · 06.06.2003 · № 329 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген)Положение · 10.12.2012 · № 814 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2021 · № 8 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январдагы №8 токтомуПостановление · 19.01.2021 · № 8
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү…Постановление · 26.10.2011 · № 674
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча…Постановление · 31.01.2025 · № 46
- 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралууЗакон · 21.05.2015 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2021 · № 8 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз…Постановление · 08.08.2011 · № 454
- Постановление Правительства КР от 6 июня 2003 года № 329 "О санитарно-эпидемиологическом контроле по обеспечению санитарно-эпидемиологического благополучия населения органами и…Постановление · 06.06.2003 · № 329 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындыгы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.12.2012 · № 814 · Күчүн жоготкон