# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 701 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 31-июлунда кол коюлган “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 701 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 31-июлунда кол коюлган “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 701
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18479/edition/748753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98087.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 701 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 31-июлунда кол коюлган “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (09.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98087

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 9-октябры № 701 “Бишкек шаарында 2015-жылдын 31-июлунда кол коюлган “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- “Бишкек шаарында 2015-жылдын 31-июлунда кол коюлган “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2015-жылдын 31-июлунда кол коюлган “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаарында 2015-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо γчγн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнγктγрγγ банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктγрγγ фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берγү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене Бишкек шаарында 2015-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза" долбоорун каржылоо γчγн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүγ фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразия өнγктγрүү банкына кабарласын.

3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он кγн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
