Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-октябры № 705 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аталган мыйзамдын долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-берененин 1-бөлүгүндөгү "жыл сайын" деген сөздөр "ар бир үч жылда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 20-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укук коргоочулук жана коррупцияга каршы экспертиза Өкмөт тарабынан бекитилген Типтүү методикага, же Типтүү методиканын негизинде иштелип чыккан, тиешелүү ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт. Укук коргоочулук жана коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунда коррупциялык жоболор, ошондой эле адамдын жана жарандын эркиндиктерин жана укуктарын бузган жоболор табылган учурда тиешелүү ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) укук коргоочулук жана коррупцияга каршы экспертизанын жыйынтыктарына ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорун жеткире иштеп чыгат.";
3) 33-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-берене. Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо Ченемдик укуктук актылардагы кенемтелерди жана коллизияларды, ошондой эле коррупциялык ченемдерди табуу жана жоюу максатында ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) туруктуу негизде аларга инвентаризациялоо жүргүзүшөт. Ченемдик укуктук актыларда кенемтелер жана коллизиялар, ошондой эле коррупциялык ченемдер табылганда ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) аларды жоюуга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгышат.". 2-берене. "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-берене менен толукталсын: "7-1-берене. Ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү
1. Ченемдик укуктук актылар жана алардын долбоорлору коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүдөн өтүүгө тийиш.
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өткөрүлөт.
3. Колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү прокуратура органдары тарабынан өткөрүлөт. Ченемдик укуктук актыга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү процессинде табылган коррупциялык жоболор тиешелүү ченем жаратуучу органдар тарабынан милдеттүү түрдө жоюлууга тийиш.".
3-берене. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын: "8-1-берене. Ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү Прокуратура органдары ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүшөт.". 4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушу боюнча прокуратура органдарынын штаттык санынын чегин көбөйтүү жана коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнү каржылоо жөнүндө маселени карасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № 217-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Коррупцияга…Постановление · 20.01.2016 · № 217-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 08.08.2012 · № 153 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 224 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон