# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 702
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18471/edition/983650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98079.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (03.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98079

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 9-октябры № 702 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык) Экологиялык постторду уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогорудагы аталган токтомдун 1-тиркемесинде;

"Контролдоонун түрлөрү" графасы төмөнкү мазмундагы "Экологиялык" позициясы менен толукталсын: "

Экологиялык

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

\-

".

3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында экологиялык постторду зарыл болгон шаймандар менен камсыздоо жана жабдуу боюнча бардык зарыл чараларды көрсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы:

- кыргыз-казак чек арасында чек ара постторунун имараттарынын бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ыкчам башкаруусуна экологиялык постторду уюштуруу үчүн өткөрүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө карата чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирген транспорт каражаттарынын саны жөнүндө маалыматты берип турсун.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агро өнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
