Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 декабря 2019 года № 647 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики в сфере охраны окружающей среды и экологической безопасности и признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Положения об экологических постах Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики" от 9 октября 2015 года № 702"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-12-03.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 9-октябры № 702 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык) Экологиялык постторду уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогорудагы аталган токтомдун 1-тиркемесинде;
"Контролдоонун түрлөрү" графасы төмөнкү мазмундагы "Экологиялык" позициясы менен толукталсын: "
Экологиялык
+
+
+
+
+
+
+
+
+
+
+
-
".
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында экологиялык постторду зарыл болгон шаймандар менен камсыздоо жана жабдуу боюнча бардык зарыл чараларды көрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы:
- кыргыз-казак чек арасында чек ара постторунун имараттарынын бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ыкчам башкаруусуна экологиялык постторду уюштуруу үчүн өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө карата чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирген транспорт каражаттарынын саны жөнүндө маалыматты берип турсун.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агро өнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган…Постановление · 19.11.2007 · № 556
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647 "Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине…Постановление · 03.12.2019 · № 647
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2019 · № 19
- "Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү алуу тартиби жөнүндө"…Положение · 17.12.2013 · № 675 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.10.2015 · № 702 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 токтомуПостановление · 28.01.2019 · № 19
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган…Постановление · 19.11.2007 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2019 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647 "Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине…Постановление · 03.12.2019 · № 647
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан чет мамлекеттердин жүк ташуучу автоунаа каражаттары киргенде/чыкканда айлана-чөйрөнү…Постановление · 17.12.2013 · № 675 · Күчүн жоготкон