# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 703
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18469/edition/748733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (12.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98077

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-октябры № 703 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды эффективдүү пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жободо:

3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Атайын эсептин максаты Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын (мындан ары - Жазы-Кечүү айылы) аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыянды компенсациялоо болуп саналат.

4. Атайын эсептин каражаттары социалдык-маданий объекттерди, суу чарба объекттерин, өндүрүштүк имараттарды, жана курулмаларды курууга, курулуш техникаларын алууга, жерлерди өздөштүрүү жана жакшыртуу үчүн, атап айтканда:

- суу чарба жана маданий тиричилик объекттерин курууга, реконструкциялоого жана Токтогул районунун калктуу конуштарынын жана Жазы-Кечүү айылынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;

- жерлерди мелиорациялык жакшыртуу, ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга (Атайын эсептин каражаттарынын кеминде 70 пайызы);

- Токтогул районунун калктуу пункттарынын жана Жазы-Кечүү айылынын инфраструктурасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иш-чараларга;

- Токтогул районунун жана Жазы-Кечүү айылынын аймагында жерлерди өздөштүрүүгө жана жакшыртууга;

- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында социалдык-маданий объекттерди, суу чарба объекттерин, өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн курулуш техникаларын алууга;

- "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоого пайдаланылат.

Атайын эсептин каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга, анын ичинде мааракелер, тойлор, майрамдар сыяктуу коомдук иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилбейт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
