Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 „Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-октябры № 703 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды эффективдүү пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жободо:
3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Атайын эсептин максаты Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын (мындан ары - Жазы-Кечүү айылы) аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыянды компенсациялоо болуп саналат.
4. Атайын эсептин каражаттары социалдык-маданий объекттерди, суу чарба объекттерин, өндүрүштүк имараттарды, жана курулмаларды курууга, курулуш техникаларын алууга, жерлерди өздөштүрүү жана жакшыртуу үчүн, атап айтканда:
- суу чарба жана маданий тиричилик объекттерин курууга, реконструкциялоого жана Токтогул районунун калктуу конуштарынын жана Жазы-Кечүү айылынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;
- жерлерди мелиорациялык жакшыртуу, ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга (Атайын эсептин каражаттарынын кеминде 70 пайызы);
- Токтогул районунун калктуу пункттарынын жана Жазы-Кечүү айылынын инфраструктурасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иш-чараларга;
- Токтогул районунун жана Жазы-Кечүү айылынын аймагында жерлерди өздөштүрүүгө жана жакшыртууга;
- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында социалдык-маданий объекттерди, суу чарба объекттерин, өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн курулуш техникаларын алууга;
- "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоого пайдаланылат.
Атайын эсептин каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга, анын ичинде мааракелер, тойлор, майрамдар сыяктуу коомдук иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилбейт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын…Постановление · 21.01.2014 · № 41
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон