# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 694
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98073>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18466/edition/1185041/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98073.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98073

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 8-октябры № 694 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238 "Кыргыз аккредитациялоо борборунун маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун директоруна жыл ичинде эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлерине эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжалары, кесипкөй жана чыгармачыл демилгелерди көрсөткөндүктөрү үчүн дем берүүчү төлөөлөргө жумшоого укук берилсин. Аталган дем берүүчү төлөөлөр жыл үчүн иштин жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө жүргүзүлөрү белгиленсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директоруна жыл ичинде эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлерине эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжалары, кесипкөй жана чыгармачыл демилгелерди көрсөткөндүктөрү үчүн дем берүүчү төлөөлөргө жумшоого укук берилсин. Аталган дем берүүчү төлөөлөр жыл үчүн иштин жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө жүргүзүлөрү белгиленсин.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
