# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жяна пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жяна пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 668
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98069>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18462/edition/748717/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98069.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жяна пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (29.09.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98069

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 29-сентябры № 668 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жяна пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 36-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, тарыхый-маданий мурастардын объекттери - мурунку "Эркин Too" гезит-полиграфиялык ишканасынын имараты жана мурунку "Соң-Көл" кафесинин и мараты боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ведомстволор аралык комиссиясынын 2015-жылдын 6-июлундагы корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде:

- 70-пункту "тарых, архитектура" деген сөздөрдөн кийин "(жоготулган)" деген сөз менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөв он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
