# КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябрындагы № 685 "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигинин маселелери жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябрындагы № 685 "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигинин маселелери жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 685
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18461/edition/1053246/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябрындагы № 685 "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигинин маселелери жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ тууралуу" токтому (10.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98068

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-октябры № 685 Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигинин маселелери жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ тууралуу Ѳлчѳѳ бирдейлигин камсыз кылуу чѳйрѳсγндѳгγ функцияларды аныктоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигинин маселелери жѳнγндѳ» токтомуна тѳмѳнкγдѳй толуктоолор киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жѳнγндѳ жободо:

- 7-пунктунун 5-пунктчасы тѳмѳнкγдѳй мазмундагы онунчу, он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:

«- юридикалык жактарга ѳлчѳѳ каражаттарынын тибин бекитγγ жана (же) текшерγγ максатында ѳлчѳѳ каражаттарына сыноолорду жγргγзγγгѳ жана (же) стандарттык γлгγлѳрдγ аттестациялоого укукту белгиленген тартипте берет жана чакыртып алат;

- эталонду улуттук эталон катары бекитγγ тууралуу чечимди белгиленген тартипте кабыл алат;

- улуттук эталонду белгиленген форма боюнча бекитγγ тууралуу сертификат берет;».

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бир айлык мѳѳнѳттѳ ѳзγнγн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он беш кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
