# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 674 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 674 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 674
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98064>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18457/edition/686790/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98064.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы № 674 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (02.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98064

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-октябры № 674 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо'' долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Япония Эл аралык кызматташтык агенттигине (JIСА) кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
