Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган «Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-октябры № 674 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо'' долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2013-жылдын 31-июлунда кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Япония Эл аралык кызматташтык агенттигине (JIСА) кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2013-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл…Закон · 27.01.2016 · № 13
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.