# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-сентябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-сентябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 624
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18448/edition/784477/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-сентябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98053

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 9-сентябры № 624 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 343-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын: "10) электр энергиясын иштеп чыгуу же берүү үчүн пайдаланылган стратегиялык объекттерди ээлеген жерлер, анын ичинде алардын суу сактагычтарынын суу каптоо зонасынын жерлери.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
