# Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 631 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 631 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 631
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98052>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-288/edition/748665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98052.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 631 токтому менен бекитилген) (14.09.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98052

---

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 631 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасындагы өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (токойлордон тышкары) уруксат берүү боюнча пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун маселелерин жөнгө салат.

2. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн тартиби

2. Уруксат берүү боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жаратылыштагы өсүмдүк ресурстарын пайдалануучулар болуп саналган юридикалык жана жеке жактардан өндүрүп алынат.

3. Уруксат берүү боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун (мындан ары - ЖКжТТӨРФ) эсебине түшөт.

4. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген акыны өндүрүп алуу үчүн негиз болуп мыйзамда белгиленген тартипте айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү уруксат, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин иш жүзүндө пайдалангандыгы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын маалыматтары саналат.

5. "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин "а", "б", "г", "е" пункттарында көрсөтүлгөн колдонуунун түрлөрү боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алынбайт.

3. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны пайдалануунун тартиби

6. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн алынган каражаттар табигый өсүмдүктөрдүн түркүмдөрүн түзүүчү жапайы өсүүчү өсүмдүктөрдү коргоого, сактоого жана калыбына келтирүүгө, өсүмдүктөр дүйнөсүнө мамлекеттик кадастр жана мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле корук иштерине жумшалат.

7. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн суммасы төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:

- 30 пайызы - өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу (даярдоо) жүргүзүлгөн аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине которулат;

- 70 пайызы - табиятты коргоо иш-чараларын ишке ашыруу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ЖКжТТӨРФнын тескөөсүндө калат, алардын ичинен милдеттүү тартипте:

- 30 пайызы - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелери тарабынан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин запастарына мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө жумшалат;

- 40 пайызы - мыйзамда белгиленген тартипте табиятты коргоо иш-чараларын ишке ашыруу үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ЖКжТТӨРФнын тескөөсүндө калат.
