# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны алуунун жана пайдалануунун тартиби" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны алуунун жана пайдалануунун тартиби" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 631
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18447/edition/748663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны алуунун жана пайдалануунун тартиби" токтому (14.09.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98051

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 14-сентябры № 631 Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны алуунун жана пайдалануунун тартиби Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарын натыйжалуу коргоону, сарамжалдуу пайдаланууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкалары 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

1-тиркеме Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн СТАВКАЛАРЫ

Өсүмдүктөрдүн багыты жана түрдүк аталыштары

Чийки заттын (продукциянын) аталышы

Төлөө ставкалары (сом менен)

1. Дары өсүмдүктөрү

1 кг кургак зат үчүн

1.1. Агала уу коргошун - Aconitum leucostomum Worosch

тамыры, өзөгү жана жалбырагы

5,57

1.2. Жунгар уу коргошуну - Aconitum songoricum Stapf.

тамыры, гүлдөөчү өсүмдүктүн бүрү

5,57

1.3. Дары гүлкан - Althaea officinalis

тамыры

1,80

1.4. Ак кайың - Betula pendula Roth.

бүчүрү

5,57

1.5. Долоно (ар кандай түрлөрү) - Crataegus, Кнорринг долоносунан башка (Crataegus knorringiana Pojark)

мөмөсү

1,99

1.6. Түркстан мышык тамыры - Valeriana turkestanika

тамыры жана кабыгы

6,36

1.7. Сасык тармал чөп - Thalictrum foetidum L.

жер үстүндөгү бөлүгү

0,60

1.8. Кадимки адырашман - Peganum harmala

жер үстүндөгү бөлүгү

0,80

1.9. Бийик карындыз - Inula helenium

тамыры жана кабыгы

1,59

1.10. Кадимки көк чай чөп - Origanum vulgare L.

жер үстүндөгү бөлүгү

0,60

1.11. Ич алдыргыч кара моюл - Rhamnus cathartica

мөмөсү

1,19

1.12. Тешикчелүү сары чай чөп - Hypericum perforatum

жер үстүндөгү бөлүгү

0,60

1.13. Эки үйлүү чалкан - Urtica dioica

жалбырагы

1,00

1.14. Дары сангуисорбасы - Sanguisorba officinalis

тамыры жана кабыгы

1,59

1.15. Боёчу марена - Rubia tinctorum

тамыры

3,58

1.16. Өгөй эне - Tussilago farfara

гүлдөрү, жалбырагы

1,99

1.17. Дарылык мелисса - Melissa officinalis

жер үстүндөгү бөлүгү

1,19

1.18. Жапалак арча, түркстан арчасы - Juniperus sabina

мөмөсү

4,18

1.19. Жапалак арча, түркстан арчасы - Juniperus turkestanica

бутактары

11,13

1.20. Кадимки жана талаа жалбызы - Mentha silvestris, Mentha arvensis

жер үстүндөгү бөлүгү

0,64

1.21. Чычырканак - Hippophae rhamnoides

мөмөсү

4,77

1.22. Кадимки койчубаштык - Capsella bursa pastoris

жер үстүндөгү бөлүгү

0,95

1.23. Орто патриния - Patrinia intermedia (Horn.) Roem. EtSchult.

тамыры

4,77

1.24. Кадимки пижма - Tanacetum vulgare

гүлү

1,59

1.25. Орточо чымылдык - Paeonia intermedia

жер үстүндөгү бөлүгү, тамыры

7,16

1.26. Чоң бака жалбырак - Plantago major L.

жалбырагы

0,60

1.27. Эрмен шыбак - Artemisi absinthium

жер үстүндөгү бөлүгү, жалбырагы

0,95

1.28. Түркстан кан басымы - Leonurus turkestanica V.Krecz.et Kuprian

жер үстүндөгү бөлүгү

1,59

1.29. Максимович ышкыны - Rheum

тамыры

3,18

1.30. Дары ромашка - Chamomilla recutita

гүл себеттери

3,98

1.31. Тянь-Шань четини - Sorbus tianschanica Franchet.

мөмөсү

1,43

1.32. Түксүз кызыл мыя - Glycyrrhiza glabra

тамыры

5,57

1.33. Ланцет сары мыясы - Thermopsis lanceolata R.Br.

жер үстүндөгү бөлүгү

0,60

1.34. Маршаллов кийик оту - Thymus marschallianus

жер үстүндөгү бөлүгү

1,59

1.35. Кадимки каз таңдай - Achillea millefolium

жер үстүндөгү бөлүгү

0,95

1.36. Кырк муун сыяктуу чекенде (кырк муун чекендеси) - Ephedra equisetina Bge.

бутактары

2,39

1.37. Талаа кырк мууну - Equisetum arvense L.

көбөйүү сабактары

0,60

1.38. Үч белүктүү ит уйгак - Bidens tripartita

жер үстүндөгү бөлүгү

1,19

1.39. Чөл шалфейи - Salvia deserta

жер үстүндөгү бөлүгү

0,80

1.40. Ит мурун (бардык түрлөрү) - Rosa sp

мөмөсү

1,99

1.41. Дары топ баш гүл (папоротник) - Dryopteris filixmas

тамыры

5,96

1.42. Башка түрлөрү (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендерден башка)

0,60

2. Тамак-аш өсүмдүктөрү

1 кг үчүн

2.1. Бөрү карагат (ар кандай түрлөрү) - Berberis heteropoda Schrenk, Кашгар бөрү карагатынан башка (Berberis kashgarica Rupr.)

мөмөсү

1,94

2.2. Жаңгак - Juglans regia

мөмөсү

2,50

2.3. Көгүлтүр кара бүлдүркөн - Rubus caesius L.

мөмөсү

3,82

2.4. Тикенектүү каперс - Capparis spinosa

богогу

3,98

2.5. Кадимкй дан куурай - Rubus idaeus L.

мөмөсү

3,82

2.6. Мейер карагаты - Ribes Meyeri Maxim.

мөмөсү

2,86

2.7. Кадимки мисте - Pistacia vera

мөмөсү

4,61

2.8. Башка түрлөрү (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендерден башка)

1,94

3. Техникалык өсүмдүктөр

1 куб.м кампалык масса үчүн

3.1. Түштүк камышы, камыш - Phragmites australis

өзөгү

44,84

З.2. Жалтырак чий - Achnatterum splendens

өзөгү

44,84

4. Козу карындар

1 кг үчүн

4.1. Желе турган козу карындар

мөмөлүү жагы

8,35

Эскертүү: Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышка алып чыгууда Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөө ставкалары белгиленген базалык ставкалардан 4 эсеге көбөйтүлөт.
