# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 657 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 657 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 657
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18441/edition/748651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 657 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (22.09.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98045

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-сентябры № 657 Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РСЕПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу

1-берене. Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
