Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө» токтому
Документ күчүндө эмес
Документ реестрде «Отменено» деп белгиленген жана күчүндө эмес. Күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 сентября 2015 года № 616 "Об отмене действия постановления Правительства Кыргызской Республики «О переводе земель, расположенных на территории Аламудунского района Чуйской области Кыргызской Республики» от 11 октября 2008 года № 574"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-09-03.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-сентябры № 616 токтому менен колдонулушу жокко чыгарылган
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2008-жылдын 11-октябры № 574 Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан 262,3 га жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына тиркемеге ылайык которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруунун документтерин иштеп чыгууну; куруучулар тарабынан объекттерди жана инфраструктураны курууну бекитилген башкы планга жана шаар куруу башка документтерине бекем ылайыкта курууну; Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айылдык округдарынын айылдарынын чегараларын белгиленген тартипте бекитүүнү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1991-жылдын 26-июлундагы № 371 токтому менен бекитилген Жер ээлерине жана жер пайдалануучуларга алып коюуга же жер участокторду убактылуу пайдаланууга байланыштуу келтирилген зыяндын жана айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюу менен байланышкан айыл чарбалык жана токой чарбалык жоготууларынын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө жобонун 28-пунктунда каралган учурлардан тышкары, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык округунун аймагындагы 28,1 га жер участогуна "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасынын төлөнүшүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И. Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-октябрындагы № 574 токтомуна тиркеме
Чүй облусундагы Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан
жана "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан
"Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулуучу
ЖЕР УЧАСТОКТОРУ
| Айылдык округдун аталышы | Жер участокторунун ээлери | Жалпы аянты, гектар менен ├──────┬────────┬────────┤ | анын ичинде: сугат айдоо | кайрак айдоо | маданий жайыттар |
|---|---|---|---|---|---|
| Байтик | Ногойбаев Н.Т. | 10,03 | 3,57 | 6,46 | |
| Ногойбаева Б. | 8,7 | 3,12 | 5,58 | ||
| Сыдыгалиев К.К. | 9,89 | 3,6 | 6,29 | ||
| Нурлан кызы А. | 9,9 | 3,48 | 6,42 | ||
| Самакова Т.К. | 9,89 | 3,63 | 6,26 | ||
| Саркуева Ж.Т. | 9,69 | 3,57 | 6,12 | ||
| Саркуева Ш.Т. | 6,97 | 2,55 | 4,42 | ||
| Саркуева С.Т. | 10,03 | 3,57 | 6,46 | ||
| Саркуев Т. | 8,5 | 8,5 | |||
| Тойкеева А.Б. | 9,76 | 3,54 | 6,22 | ||
| Исаева Б. | 6,64 | 5,66 | 0,98 | ||
| Бардыгы | 100,0 | 44,79 | 55,21 | ||
| Лебединовка | Шерматова Г.Б. | 17,4 | 17,4 | ||
| Нарынбек уулу У | 18,7 | 18,7 | |||
| Алиев К.К. | 13,9 | 13,9 | |||
| Алиева Ж.К. | 19,0 | 19,0 | |||
| Аскерова А. | 12,7 | 12,7 | |||
| Дербишалиева К. | 17,4 | 17,4 | |||
| Койчуманова Э.К. | 17,2 | 17,2 | |||
| Осмонканова А.М. | 17,9 | 17,9 | |||
| Бардыгы | 134,1 | 134,2 | |||
| Кара-Жыгач | Мамлекет | 28,1 | 28,1 | ||
| Бардыгы | 28,1 | 28,1 | |||
| Район боюнча жалпы | 262,3 | 178,99 | 55,21 | 28,1 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри
М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-октябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун…Постановление · 03.09.2015 · № 616
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Постановление Кабинета Министров РК от 26 июля 1991 года № 371 "Об утверждении положения о порядке возмещения землевладельцам и землепользователям убытков, причиненных изъятием…Постановление · 26.07.1991 · № 371 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о порядке возмещения землевладельцам и землепользователям убытков, причиненных изъятием или временным занятием земельных участков, и потерь сельскохозяйственного и…Положение · 26.07.1991 · № 371 · Күчүн жоготкон