# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 653
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18431/edition/800556/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98035.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (04.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98035

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 21-сентябры № 653 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүнү камсыздоо үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

9-пунктта:

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кызылчаны кабыл алуу жана иштетүү мезгилинде вагондордун жүктөө жана түшүрүү үчүн туруп калуусунун экономикалык жактан негизделген нормативдерин белгилөө сунушталсын;";

- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- 2015-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин кант кызылчасын жана кумшекерди республика ичиндеги темир жол аркылуу колдонуудагы тарифтерди 20%га төмөндөтүү менен убактылуу жеңилдетилген тарифте ташуу сунушталсын.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
