# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-сентябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-январындагы № 61 "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-сентябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-январындагы № 61 "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 649
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18429/edition/748611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-сентябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-январындагы № 61 "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98033

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 17-сентябры № 649 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-январындагы № 61 "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-январындагы № 61 "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, эгерде мурда алынган кредиттик каражаттардын максаттуу тармагы "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорунун максаттарына шайкеш келсе, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен субъекттердин болгон карыздарын, анын ичинде башка банктардагы же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердеги карыздарын кайра каржылоого укуктуу.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
