Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин түзүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 5 марта 2021 года № 72 "О вопросах Министерства образования и науки Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-05.
кр өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 15-сентябры № 639 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин түзүү тууралуу Илим жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана илимий-техникалык маалыматтар башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"
10
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
362
анын ичинде:
- борбордук аппарат
74
- ведомствонун алдындагы бөлүмдөр
11
- аймактык бөлүмдөр
277
".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык жана башка маселелерди алты айлык мөөнөттө чечсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
2-тиркеме "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 639 токтому…Положение · 15.09.2015 · № 639
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 119 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин…Постановление · 29.08.2019 · № 439 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 119 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралууЗакон · 16.06.2017 · № 103 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуЗакон · 15.04.1994 · № 1485-XII · Күчүн жоготкон