# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 648
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.09.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18427/edition/1158973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (16.09.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98030

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-сентябры № 648 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 251-1 жана 251-2-беренелеринин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:

45-пунктунун 4-пунктчасындагы таблицасынын "Бошотулган жеткирүүлөр" 200-299" бөлүмү төмөнкү мазмундагы позициялар менен толукталсын: "

220

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн бала бакчалар) тарабынан кызмат көрсөтүүлөр

221

Кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүүлөр

".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
