# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 644
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98028>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18425/edition/1002573/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98028

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-сентябры № 644 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти жөнүндө жободо:

- расмий тилдеги тексттин 6-пунктунун он жетинчи абзацы "о лекарственных средствах" деген сөздөрдөн кийин "на государственном и официальном языках" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:

- бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын, "жана уруксат берилген монополиялар", "жана уруксат берилген монополиялардын" деген сөздөр "монополия" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 7-пунктта:

он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; жыйырманчы абзацтагы "жана базарлардын администрациялары" деген сөздөр алып салынсын; кыркынчы абзацтагы ", базарлар" деген сөз алып салынсын; кырк биринчи абзацтагы ", базарлардын" деген сөз алып салынсын, "жарнама жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тил жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын; кырк экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт;".

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 2-пункттун үчүнчү, тогузунчу жана онунчу абзацтарынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
