Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР 30 апреля 2020 года № 227 "Об утверждении Положения о Департаменте лекарственных средств и медицинских изделий при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-04-30.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-сентябры № 644 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти жөнүндө жободо:
- расмий тилдеги тексттин 6-пунктунун он жетинчи абзацы "о лекарственных средствах" деген сөздөрдөн кийин "на государственном и официальном языках" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын, "жана уруксат берилген монополиялар", "жана уруксат берилген монополиялардын" деген сөздөр "монополия" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-пунктта:
он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; жыйырманчы абзацтагы "жана базарлардын администрациялары" деген сөздөр алып салынсын; кыркынчы абзацтагы ", базарлар" деген сөз алып салынсын; кырк биринчи абзацтагы ", базарлардын" деген сөз алып салынсын, "жарнама жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тил жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын; кырк экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт;".
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 2-пункттун үчүнчү, тогузунчу жана онунчу абзацтарынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар…Постановление · 30.04.2020 · № 227
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 токтому…Положение · 17.05.2013 · № 271 · Күчүн жоготкон
- Положение о Департаменте лекарственного обеспечения и медицинской техники при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики (утверждено постановлением Правительства КР от 26…Положение · 26.09.1997 · № 556 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар…Постановление · 30.04.2020 · № 227
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2013 · № 271 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 сентября 1997 года № 556 "Об образовании Департамента лекарственного обеспечения и медицинской техники при Министерстве здравоохранения…Постановление · 26.09.1997 · № 556 · Күчүн жоготкон