# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 656 "Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 656 "Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 656
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18421/edition/748589/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 656 "Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому (22.09.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98022

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 22-сентябры № 656 Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу Топтолмо пенсиялык фонддордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучу компаниялар уюштуруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып отуз күндүн ичинде ачыкка чыгарат.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
