# КР Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 643 "2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Макулдашуусунун беренелерин ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 643 "2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Макулдашуусунун беренелерин ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 643
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18418/edition/748581/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 643 "2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Макулдашуусунун беренелерин ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (16.09.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98018

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-сентябры № 643 “2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Макулдашуусунун беренелерин ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- “2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Макулдашуусунун беренелерин ратификациялоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2015-жылдын 29-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Макулдашуусунун беренелерине Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн расмий ѳкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор

Кыргыз Республикасынын МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Макулдашуусунун беренелерин ратификациялоо жѳнүндѳ

1-берене 2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын Макулдашуусунун беренелери ратификациялансын.

2-берене Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эстептелген Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ратификациялоо жѳнүндѳ грамотаны депонирлесин.

3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
