# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 640
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18416/edition/1128908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (24.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98014

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 16-сентябры № 640 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бир айлык мөөнөттө:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
