Регламент Конституционного суда Кыргызской Республики (утвержден постановлением Конституционного суда Кыргызской Республики)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикаcынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 18-февралындагы 02-Т токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламенти
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Жалпы жоболор
1. Конституциялык соттун ишмердигин уюштуруу жана даттанууларды кароодо колдонулуучу процедуралык эрежелер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына (мындан ары - Конституциялык мыйзам) жана ушул Жобого ылайык камсыз кылынат.
2. Конституциялык соттун компетенциясына кирген маселелер Конституциялык соттун сот отурумдарында каралат. Сот отурумдары Конституциялык мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген талаптарды сактоо менен өткөрүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын жыйналышы соттук өз алдынча башкаруу органы катары “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен анын компетенциясына кирген маселелерди карайт. Судьялардын жыйналышында каралган маселелер протоколдор менен таризделет.
4. Конституциялык соттун жана анын аппаратынын ишмердигин уюштурууга тиешелүү суроолор Конституциялык соттун судьяларынын кеңешмесинде каралат. Конституциялык соттун судьяларынын кеңешмесине Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери (мындан ары - аппарат) чакырылышы мүмкүн.
Конституциялык соттун судьяларынын жыйналыштарын жана кеңешмелерин Конституциялык соттун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча төрагасынын орун басары чакырат.
5. Конституциялык соттун ишмердиги анын аппараты менен камсыз кылынат, ага тикелей жетекчиликти аппараттын жетекчиси жүргүзөт.
Аппарат Конституциялык соттун судьяларына маалыматтык, уюштуруучулук, илимий-техникалык жана башка жардам көрсөтөт.
6. Аппараттын жобосу, түзүмү жана штаттык саны чыгымдар эсебинин чегинде Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча Конституциялык сот менен бекитилет.
7. Иштерди кароо үчүн даярдоого катышкан судьялар жана аппараттын кызматкерлери сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө тааныш болгон маалыматтардын жашырындуулугун сактоого милдеттүү.
8. Аппарат Конституциялык мыйзамдын 56-беренесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан тышкары:
1) Конституциялык соттун расмий билдирүүсүнө байланыштуу пресс-конференцияны уюштурат;
2) иш кагаздарын, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү тутумун (мындан ары – ЭДЖ тутуму) колдонуу менен тиешелүү нускамаларда белгиленген тартипте жүргүзөт;
3) Конституциялык соттун расмий сайтын иштетет;
4) Конституциялык соттун сот отурумдарын аудио-видеого жазат, ошондой эле стенография кылып жазат.
2-бап. Конституциялык соттун төрагасынын, төраганын орун басарынын ыйгарым укуктары
9. Конституциялык соттун төрагасы Конституциялык соттун судьясынын милдеттерин аткаруу менен бирге Конституциялык мыйзамда берилген ыйгарым укуктардан тышкары:
1) Конституциялык соттун ишин координациялайт;
2) сот отурумдарын, конференцияларды, Конституциялык соттун судьяларынын жыйналыштарын чакырат;
3) ооруп калган же өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон учурда ишти бир судьядан экинчи судьяга өткөрүп берет;
4) судьялар менен макулдашып, Конституциялык соттун сот отурумдарын өткөрүүнүн графигин бекитет;
5) Конституциялык соттун мүлкүн тескөөгө жана бюджеттин чыгымдалышына контролдукту жүзөгө ашырат;
6) бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана кезектеги финансылык жылга бюджеттин долбоорун судьялардын жыйналышынын кароосуна киргизет;
7) судьяларды кызматтык иш-сапарга, анын ичинде жеке чакыруу боюнча иш-сапарга жиберүү жөнүндө маселелерди чечет;
8) коомчулукка жылдын жыйынтыгы боюнча Конституциялык соттун иши жөнүндө маалымат берет;
9) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт.
10. Конституциялык соттун төрагасы буйруктарды жана тескемелерди чыгарат.
Буйруктар Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык уюштуруучулук жана административдик маселелер боюнча кабыл алынат. Тескемелер Конституциялык соттун судьялар коллегиясын түзүү, иштерди бир судьядан экинчи судьяга өткөрүү, Конституциялык соттун бир нече судьясын өзгөчө татаал иштер боюнча баяндамачы кылып дайындоо маселелери боюнча чыгарылат.
11. Конституциялык соттун төрагасы болбогон учурда анын Конституциялык мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
Төраганын орун басары төраганын катышуусунда да, анын атынан айрым ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашыра алат.
3-бап. Конституциялык соттун расмий билдирүүсү
12. Конституциялык соттун атынан расмий билдирүү жасоо демилгесин төрага же үчтөн кем эмес судья киргизет. Конституциялык соттун расмий билдирүүсүнүн тексти Конституциялык соттун судьялар кеңешмесинде каралып, бекитилет.
13. Конституциялык соттун төрагасы Конституциялык соттун атынан расмий билдирүү жасоого же сөздү башка судьяга берүүгө укуктуу.
14. Расмий билдирүүнүн текстинин мазмуну менен макул болбогон судья өзүнүн макул эместигин жазуу жүзүндө берет, ал Конституциялык соттун расмий билдирүүсүнүн текстин бекитүү жөнүндө кеңешменин материалдарына тиркелет.
4-бап. Кайрылуу жөнүндө маалымат
15. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуунун жана сот отурумуна дайындалган иштердин тизмеси Конституциялык соттун ЭДЖ тутумуна аппарат тарабынан жайгаштырылат.
16. Кабыл алынган кайрылуу боюнча басма сөз кулактандыруу Конституциялык соттун расмий сайтында жайгаштырат.
17. Сот отурумунда кароого дайындалган кайрылуу жөнүндө маалымат аппарат тарабынан Конституциялык соттун расмий сайтына отурум башталганга чейин 10 күн калганда жайгаштырылат.
II БӨЛҮМ. КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ӨНДҮРҮШҮ
5-бап. Конституциялык соттун судьялар коллегиясы
18. Судьялардын коллегиялары өндүрүшкө кайрылууну кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн түзүлөт. Коллегия Конституциялык соттун төрагасынын тескемесинде дайындалган үч судьядан турат.
Конституциялык соттун төрагасы судьялар коллегиясынын бирин баяндамачы-судья кылып аныктайт.
19. Конституциялык соттун төрагасы коллегияны түзүүдө жана баяндамачы-судьяны аныктоодо судьялардын кароосунда болгон кайрылуунун санын, кайрылуу предметинин татаалдыгын эске алат.
20. Эгерде коллегиянын судьяларынын бири ооруп калса же ишти ишти кароодон четтетүү үчүн негиздер болгон учурда, Конституциялык соттун төрагасы башка судьяны аныктайт.
21. Судьялардын коллегиясы кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынгандыгы же андан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылгандан кийин өз ишин токтотот. Бул маселе боюнча өзүнчө чечим талап кылынбайт.
22. Судьялар коллегиясынын отурумдары протоколго алынат. Судьялар коллегиясынын отурумунун протоколун жүргүзүү аппарат тарабынан камсыз кылынат.
6-бап. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу, андан баш тартуу же аны кайтаруу тартиби
23. Кайрылуу Конституциялык сотко келип түшкөн күнү аппарат тарабынан катталат жана аларды аппараттын жетекчиси төрагага өткөрүп берет.
24. Конституциялык соттун төрагасы резолюция коюп, тиешелүү тескеме менен бирге кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн кайрылууну Конституциялык соттун судьяларына берет.
Ошол эле учурда аппарат Конституциялык соттун төрагасынын тескемесине ылайык келип түшкөн кайрылуу боюнча электрондук коштоону камсыздайт.
25. Аппараттын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү судья-баяндамачыга аныктама долбоорун даярдоого көмөк көрсөтөт, анын ичинде бул кайрылуу боюнча аналитикалык маалымат даярдайт.
26. Аналитикалык маалымат төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) кайрылуу дал келүүгө тийиш болгон формалдуу шарттарды (кайрылуунун конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келүүсү текшерилет);
2) кайрылуунун предмети (талашып жаткан ченемдик укуктук актынын же чечмелөөгө тийиш болгон конституциялык ченемдердин жоболору, эл аралык келишимдин күчүнөн улам Конституция үчүн мыйзамдуу күчүнө кире элек өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун жоболору, анын конституциялуулугу жөнүндө маселе, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине айып коюунун тартибинин сакталышы баяндалат;
3) талашылып жаткан жоболордун маңызы (талашып жаткан ченемдердин же чечмелөөгө тийиш болгон конституциялык ченемдердин мазмуну кыскача баяндалат);
4) кайрылуунун субъектинин пикири боюнча бузулуп жатат деген Конституциянын ченемдери;
5) кайрылуунун субъектинин аргументтери (кайрылууда коюлган маселелердин, ошондой эле кайрылуунун авторунун пикири боюнча ишти чечүүдө колдонулууга тийиш болгон маалыматтардын маңызы так жана кыскача баяндалат);
6) кайрылуунун предметине тиешелүү тыянактар (талашылып жаткан ченемдин максаты жана башка мыйзам ченемдери менен байланышы көрсөтүлөт; талашылып жаткан ченем кайрылуунун автору келтирген конституциялык ченемдерди эске алуу менен каралат);
7) эл аралык булактарга шилтеме (эл аралык актылардын ченемдери, эл аралык уюмдардын корутундулары, башка мамлекеттердин конституциялык сотторунун тажрыйбасы, алар даттануу предметине тиешелүү болгон учурда келтирилет);
8) Конституциялык соттун (Конституциялык палатанын) укуктук көз караштары (кайрылуу предметине окшош же өңчөй маселе боюнча Конституциялык соттун чечимдеринен же корутундуларынан жоболор келтирилет);
9) маңызы жана процедуралар боюнча корутундулар (талашылып жаткан жоболор менен бузулган деп болжолдонгон конституциялык ченемдердин ортосундагы себептүү (тутумдаш) байланыш, ошондой эле даттануу берүүдө процесстик жана формалдуу талаптардын сакталышы көрсөтүлөт).
27. Судьялар коллегиясы кайрылууну текшерүүдө анын мазмунун Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет.
28. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу мүмкүндүгү жөнүндө маселени кароодо соттук коллегия ведомствого караштуу эмес, ыксыз талаптарды белгилеп, ушул бөлүктө кайрылуунун субъектинин талаптарын өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат.
29. Эгерде соттук коллегия өндүрүшкө кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарганга чейин арыз берүүчү талаптарынан баш тартса же маселени өз ыктыяры менен алып салса, даттануу арыз ээсине кайтарылып берилет.
Кайрылуунун арыз берүүчүгө кайтарып берүү аны ошол эле арыз менен, ошол эле негиздер боюнча Конституциялык сотко кайра кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.
30. Аппарат судьянын тапшырмасы боюнча тиешелүү аныктамалардын долбоорлорун иштеп чыгат, алар судьялар коллегиясынын кароосуна киргизилет.
31. Судьялар коллегиясынын тиешелүү чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ага тиркелген материалдар менен арыз берүүчүгө аппараттын жетекчиси тарабынан жөнөтүлөт.
32. Кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган учурда кайрылууну текшерген судья иш боюнча баяндамачы-судья болуп кала берет.
7-бап. Судьялар коллегиясынын аныктамасына даттануу тартиби
33. Судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамасына даттануу Конституциялык сотко жазуу жүзүндө берилет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) Конституциялык соттун аталышы;
2) арыз берүүчүнүн аты-жөнү, дареги жана ага тиешелүү башка зарыл маалыматтар;
3) судьялар коллегиясынын аныктамасына даттануунун укуктук жүйөлөрү жана укуктук негиздемеси;
4) даттанууну берген жактын талабы;
5) эгерде бар болсо, даттанууга тиркелген документтердин тизмеси.
34. Даттануу укугу ченемдик укуктук актыны чыгарган кайрылуу субъектине, органга же кызмат адамына, же болбосо аракети талашка түшкөн кызмат адамына таандык.
35. Келип түшкөн даттануу аппарат тарабынан ал келип түшкөн күнү катталат жана Конституциялык соттун төрагасына өткөрүлүп берилет.
36. Даттанууну кароо үчүн Конституциялык соттун сот отурумун даярдоо Конституциялык соттун төрагасы тарабынан талашылып жаткан актыны кабыл алууга катышпаган Конституциялык соттун судьяларынын бирине, даттануу катталган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жүктөлөт.
37. Аппарат даттанууну кароодо судья-баяндамачы болуп дайындалган судьяга маалыматтык жана башка аналитикалык колдоо көрсөтөт.
38. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же болбосо кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага даттануу аны каттаган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде каралат.
39. Даттанууну кароо жөнүндө токтомдун долбоору бардык судьяларга отурумду өткөрүү күнүнө чейин беш календардык күндөн кечиктирилбестен таанышуу үчүн берилет. Материалдар электрондук түрдө берилет.
40. Даттануу канааттандырылган учурда Конституциялык сот судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу жана арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарат.
Эгерде даттануу негизсиз деп табылса, Конституциялык сот арыз берүүчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
41. Конституциялык соттун токтомунун көчүрмөсү аппарат жетекчиси тарабынан арыз ээсине жөнөтүлөт.
42. Даттануу канааттандырылган учурда токтомдун долбоорун даярдоого жооптуу судья иш боюнча судья-баяндамачынын функцияларын аткарууну улантат.
8-бап. Ишти кароого даярдоо жана дайындоо
43. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуу боюнча судья-баяндамачы 2 айлык мөөнөттүн ичинде ишти кароого даярдайт.
Эгерде кайрылуунун предмети Конституцияны чечмелөөгө, ошондой эле Президентке айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө же судьянын талабына корутунду берүүгө байланыштуу болсо, ишти даярдоо мөөнөтү конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинде белгиленген бул категориядагы иштерди кароонун жалпы мөөнөтүн эске алуу менен кыскартылышы мүмкүн. Ишти даярдоонун мөөнөтүн белгилөөдө кайрылуунун татаалдыгы, ошондой эле сот маанилүү деп эсептеген башка жагдайлар эске алынат.
44. Судья-баяндамачы ишти даярдоо процессинде:
1) иш боюнча тараптарды аныктайт, аларга Конституциялык мыйзамда каралган алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин жазуу жүзүндө түшүндүрөт;
2) зарыл болгон учурда тараптарга, кызмат адамдарына жана башка адамдарга суроолорду коёт;
3) кошумча ишке тиешелүү зарыл документтерди жана башка маалыматтарды талап кылуу жөнүндө аныктама чыгарат;
4) зарыл болгон учурда отурумга чакырылуучу жана чакырыла турган күбөлөрдүн, эксперттердин жана үчүнчү жактардын чөйрөсүн аныктайт;
5) бир кайрылууда баяндалган караштуу эмес талаптарды бөлүү жөнүндө аныктама чыгарат;
6) ишти Конституциялык соттун отурумунда кароого даярдоо жөнүндө аныктама чыгарат жана ага зарыл болгон адамдардын катышуусун камсыздайт;
7) колдо болгон материалдардын негизинде актынын долбоорун даярдайт;
8) иштин маӊызы боюнча чечилишин камсыз кылуу үчүн башка аракеттерди жасайт.
45. Көрсөтүлгөн талаптардын өзгөчө татаалдыгын же болбосо алардын өзгөчө маанилүүлүгүн эске алуу менен судья-баяндамачынын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү кайрылуусунун негизинде ишти кароого даярдоо Конституциялык соттун төрагасы тарабынан бир нече судьяга жүктөлүшү мүмкүн.
46. Мындай учурда Конституциялык соттун төрагасы үч жумушчу күндөн кечиктирбестен ишти кароого даярдоо процессинде тапшырмаларды бөлүштүрүүнүн тартибин өз ара аныктаган бир нече судьяга ишти даярдоону тапшыруу жөнүндө буйрук чыгарат.
47. Судья-баяндамачы ишти кароого даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерди жүргүзүүдө аппаратка тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу.
48. Судья-баяндамачы, Конституциялык сот ишти кароого даярдоонун жүрүшүндө үчүнчү жактардын Конституциялык мыйзамдын 37-беренесинде каралган иш боюнча пикирлерин, аларды берүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен сурап алууга укуктуу. Эгерде пикирлер белгиленген мөөнөттө берилбесе, бул жагдай кайрылууну кароого тоскоолдук болуп саналбайт.
49. Документтерди жана башка материалдарды талап кылуу зарыл документтердин аталыштарын, ошондой эле аларды берүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен тиешелүү органдарга же кызмат адамдарга кат жөнөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка судья-баяндамачы кол коёт жана ал аткарылууга милдеттүү.
50. Судья-баяндамачынын чечими боюнча Конституциялык сотко берилген үчүнчү жактардын пикирлери тараптардын назарына жеткирилет, алар башка катышуучулардын көз карашы боюнча өзүлөрүнүн сын-пикирлерин бере алышат.
51. Конституциялык соттун отурумунда кароого ишти даярдоо процессинде экспертизаны дайындоо судья-баяндамачы тарабынан аныктама чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.
Судья-баяндамачы аныктамада эксперттерге суроолорду түзөт жана эксперттик корутундуну берүүнүн мөөнөтүн аныктайт.
52. Экспертиза жүргүзүү каралып жаткан ишке байланыштуу маселелер боюнча атайын билимге ээ болгон эксперттик мекемелерге же эксперттерге жүктөлөт. Соттук-эксперттик уюмдар тарабынан жүргүзүлбөгөн экспертизалардын айрым түрлөрүн өткөрүү үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү билими бар башка адистер тартылышы мүмкүн.
53. Эксперттин корутундусу Конституциялык сот үчүн милдеттүү эмес, ал өз баасында Конституцияны гана жетекчиликке алуу менен иштин бардык жагдайларын ар тараптуу кароого негизделген өзүнүн ынанымына таянат.
54. Судья-баяндамачынын, Конституциялык соттун суроо-талаптарына мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан келип түшкөн жооптор мекеменин жетекчиси же бул документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлуп келүүгө тийиш.
55. Судья-баяндамачы кайрылуунун предметин, коомдук органдардын пикирлерин, улуттук жана эл аралык соттук тажрыйбанын доктринасынан келип чыккан чечимдерди, ошондой эле ар кандай башка зарыл материалдарды талдап чыгып, жыйынтыктоочу актынын долбоорун түзөт.
56. Ишти даярдоонун мөөнөтү аяктагандан кийин судья-баяндамачы жыйынтыктоочу актынын долбоорун бардык судьяларга эскертмелерди жана сунуштарды киргизүү үчүн электрондук түрдө жөнөтөт. Долбоор судьяларга белгиленген сот отурумунун күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлүшү керек.
57. Конституциялык соттун төрагасы жыйынтыктоочу актынын долбоорунун концептуалдык жоболорун талкуулоо үчүн отурум өткөрүлүүчү күнгө чейин судьялардын кеӊешүүсүн чакыра алат.
58. Кайрылуу бардык келип түшкөн документтер, корутундулар жана экспертизалар менен бирге иште тутумдаштырылат.
Иш кайрылуу боюнча кагаз жана электрондук түрдө түзүлөт, толукталат жана сакталат. Ишти түзүү, архивдөө жана сактоо аппарат тарабынан иш кагаздарды жүргүзүү боюнча нускамага жана «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» мыйзамга ылайык камсыз кылынат.
59. Ишти жазуу жүзүндөгү тартипте кароого даярдоодо ушул Регламенттин 43-57-пункттары колдонулат.
9-бап. Тараптар жана алардын өкүлдөрү үчүн маалыматтын жана иштин материалдарынын жеткиликтүүлүгү
60. Тараптар жана алардын өкүлдөрү иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрмөлөрдү чыгарууга, көчүрмөлөрдү алууга, далилдерди берүүгө, далилдерди изилдөөгө катышууга укуктуу. Иш менен таанышуу Конституциялык соттун төрагасынын уруксаты менен, аппараттын жооптуу кызматкеринин катышуусунда жүргүзүлөт.
61. Иштин материалдары тараптарга же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө алардын күбөлүктөрү текшерилгенден кийин таанышуу үчүн берилет.
62. Тараптардын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча Конституциялык соттун төрагасы иш материалдарынын көчүрмөлөрүн берүүгө уруксат бере алат.
63. Ишти даярдоо процессинде түзүлгөн аналитикалык маалым-каттарды, корутундуларды, аныктамалардын, токтомдордун долбоорлорун жана башка актыларды, ошондой эле жашыруун документтерди изилдөө жөнүндө арыздар четке кагылат.
10-бап. Конституциялык сотто иштерди кароонун тартиби §1. Иштерди оозеки сот отурумдардарында кароо
64. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуулар Конституциялык соттун сот отурумдарынын календарына киргизилет.
65. Сот отурумдарын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө катышуучуларга кабар аппарат жетекчиси тарабынан кол коюу менен отурум башталганга чейин он күн калганда жиберилет.
66. Өзгөчө учурларда процесстин катышуучулары кыска мөөнөттүн ичинде кабарланышы мүмкүн.
67. Эгерде отурумдар онлайн режиминде өткөрүлсө, катышуучулар мындай режимге кошулуунун бардык техникалык жагдайлары жөнүндө маалымдалат.
68. Конституциялык сотто иштерди кароо сот отурумдарында Конституциялык соттун төрагасынын жетекчилиги астында жүзөгө ашырылат.
Төрага болбогон учурда же анын тапшырмасы боюнча Конституциялык соттун төрагасынын милдеттерин Конституциялык соттун төрагасынын орун басары аткарат. Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болбогон учурда төраганын милдеттери Конституциялык соттун судьяларынын бирине жүктөлөт.
69. Конституциялык соттун судьялары сот отурумуна белгиленген убакытта сот отурумунун залына киришет жана орундарына отурушат.
Төрагалык кылуучу Конституциялык соттун отурумун өткөрүү үчүн кворумдун бар экендигине, протоколдун жүргүзүлүшүнө көз салат жана отурумду ачык деп жарыялайт.
70. Ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин төрагалык кылуучу:
1) Конституциялык соттун сот отурумун ачат жана карала турган ишти жарыялайт;
2) Конституциялык соттун курамын жарыялайт;
3) отурумга чакырылган катышуучулардын, күбөлөрдүн, эксперттердин, зарыл болгон учурда котормочунун, үчүнчү жактардын катышуусу жөнүндө жана келбегендердин себептери жөнүндө баяндоо үчүн сот отурумунун катчысына сөз берет. Тараптардын же анын өкүлүнүн Конституциялык соттун сот отурумуна келбей коюусу, ишти анын катышуусу менен кароону өтүнгөн жана анын келбей калышынын жүйөлүү себебин ырастагандан башка учурларда ишти кароого тоскоолдук кылбайт;
4) тараптардын ыйгарым укуктарын текшерет;
5) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырылган адамдарга алардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин түшүндүрөт;
6) отурумдун катышуучуларынан кошумча күбөлөрдү, эксперттерди чакыруу, отурумдун жүрүшүндө келип чыккан башка маселелер боюнча кошумча далилдерди талап кылуу жөнүндө алардын өтүнүчтөрү бар же жок экендигин сурайт, аларды соттун чечүүсүнө коет;
7) ишти маңызы боюнча кароонун башталышы жөнүндө жарыялайт.
71. Жазуу жүзүндө келип түшкөн өтүнүчтөр жарыя кылынат жана ишке тиркелет.
Оозеки өтүнүчтөр сот отурумунун протоколуна киргизилет. Берилген өтүнүчтөр Конституциялык сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө ишти карап жаткан судьялардын курамынын көпчүлүк добушу менен чечилет.
72. Ар бир ишти маңызы боюнча кароо төрагалык кылуучунун баяндамачы-судьяга сөз берүүсү менен башталат.
Судья-баяндамачы иштин маңызын, аны кароонун себебин жана негиздерин, колдо болгон материалдардын мазмунун баяндайт жана Конституциялык соттун судьялары койгон суроолорго жооп берет.
73. Судья-баяндамачынын сөзүн уккандан кийин төрагалык кылуучу Конституциялык сотко сунуштама, өтүнүч менен кайрылган тарапка (өкүлгө) каралып жаткан иштин маңызы боюнча түшүндүрмө берүүнү сунуштайт, андан кийин башка тараптын түшүндүрмөсүн угат.
Тарап каралып жаткан иштин маңызы боюнча өзүнүн көз карашын негиздөө үчүн укуктук аргументтерди жана далилдерди келтирүүгө милдеттүү. Төрагалык кылуучу тараптарга бири-бирине жана процесстин башка катышуучуларына суроо берүү мүмкүнчүлүгүн берет, андан кийин Конституциялык соттун судьялары тарабынан суроолор берилет. Сот отурумунун жүрүшүндө коюлган суроолордун жол берилиши Конституциялык соттун төрагалык кылуучусу тарабынан чечилет.
74. Эгерде Конституциялык соттун сот отурумунда тараптын бир нече өкүлү болуп, чыгып сүйлөөчү маселелер алардын ортосунда бөлүштүрүлгөн болсо, төрагалык кылуучу бардык өкүлдөргө сөз бере алат.
Бул эреже корутунду сөзгө укук берүү тартибине да тиешелүү.
75. Сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамдарга котормочунун кызматын пайдалануу укугу кепилденет.
Котормочу - Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык Конституциялык сот тарабынан дайындалган, тексттерди жана оозеки кепти которуу үчүн зарыл болгон тилдерди эркин билген адам. Котормочу Конституциялык соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана өзүнө тапшырылган котормону толук жана так бүтүрүүгө милдеттүү.
76. Төрагалык кылуучу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттердин корутундуларын угаардын алдында алардын өздүгүн аныктайт жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтмөлөрдү же корутундуларды бергендиги үчүн мыйзамда каралган жазык жоопкерчилиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет, котормочуга атайылап жалган котормо үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү берилет.
Күбөлөрдү, эксперттерди угуунун ырааттуулугу, ошондой эле күбөлөргө жана эксперттерге биринчи болуп суроо берүү укугу берилген тарапты аныктоо Конституциялык соттун сот отурумунда төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат. Судьялар төрагалык кылуучунун уруксаты менен күбөгө, экспертке сурактын каалаган учурунда суроолорду беришет. Төрагалык кылуучу каралып жаткан иштин маңызына байланышпаган ар кандай суроону алып салууга укуктуу.
77. Сот отурумунда сотко берилген документтер окулушу мүмкүн же көрүп таанышуу үчүн берилиши мүмкүн. Берилген документтердин аныктыгы судья-баяндамачы тарабынан текшерилиши керек. Аныктыгы күмөн жараткан документтер ачыкка чыгарылбайт жана каралбайт. Изилденген документтер Конституциялык соттун чечими боюнча ишке түп нускада же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөдө тиркелет.
78. Конституциялык сот иштин материалдарын изилдеп чыккандан кийин тараптардын акыркы сөздөрүн угат.
Конституциялык соттун төрагасы судьялар менен макулдашуу боюнча тараптарга корутунду сөз сүйлөөгө чейин убакыт бере алат. Корутунду сөздү уккандан кийин төрагалык кылуучу соттук териштирүү аяктагандыгын жана судьяларды кеңешме бөлмөсүнө чыгарууну жарыялайт.
79. Эгерде Конституциялык сот тараптардын корутунду сөзүнөн кийин ишти чечүү үчүн маанилүү болгон кошумча жагдайларды тактоо же жаңы далилдерди изилдөө зарыл деп тапса, маселени кароону кайра баштоо жөнүндө аныктама чыгарат.
Кошумча териштирүү аяктагандан кийин тараптар корутунду сөздөрдү кайталоого укуктуу, бирок жаңы жагдайлар жана далилдер менен гана байланыштуу.
80. Конституциялык соттун сот отурумдарына каралып жаткан ишти даярдоого түздөн-түз катышкан аппараттын кызматкерлери катышат.
81. Конституциялык соттун сот отурумдары отурумдун катчысы тарабынан протоколго алынат, анын функцияларын аппараттын кызматкери аткарат.
82. Отурумдун протоколу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) сот отурумун өткөрүүнүн орду жана убактысы жөнүндө;
2) иштин аталышы жөнүндө;
3) ишти карап жаткан судьялардын курамы жөнүндө;
4) отурумдун катчысы жөнүндө;
5) процесстин ар бир катышуучусу жөнүндө;
6) күбөлөр жана эксперттер жөнүндө;
7) тараптардын түшүндүрмөлөрү;
8) процесстин катышуучуларынын талабы боюнча протоколго киргизилген фактылар жана жагдайлар;
9) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, анын ичинде жазуу жүзүндөгү, эксперттердин корутундулары, аларга берилген суроолор жана аларга жооптор;
10) сот отурумунун жүрүшүндө болгон бардык аракеттер жөнүндө, алар кандай тартипте болгон;
11) сот отурумунун жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча судьялардын пикирлери жана билдирүүлөрү жана судьялардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө.
83. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн отурумдун протоколунда аларды пайдалануу жөнүндө көрсөтүү менен стенографияны жана техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет.
Протокол жана сот колдонгон техникалык каражаттар ишке тиркелет.
84. Протокол отурум аяктагандан кийин беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө тийиш. Протоколго отурумда төрагалык кылуучу, судья-баяндамачы жана отурумдун катчысы кол коет.
85. Конституциялык соттун судьялары отурумдун протоколу, стенограммасы жана Конституциялык соттун ишинин материалдары менен таанышууга укуктуу.
Процесстин катышуучулары жана башка адамдар Конституциялык соттун төрагасынын уруксаты менен Конституциялык соттун сот отурумунун протоколу жана стенограммасы менен таанышууга укуктуу. Протоколдордун көчүрмөлөрүн алуу жана алардан үзүндүлөрдү тариздөө Конституциялык соттун төрагасынын уруксаты менен аппарат тарабынан жүргүзүлөт. Көчүрмөлөрдү алуу жөнүндө маалымат өзүнчө журналга катталат.
86. Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн жоболор кайрылууну онлайн режиминде кароого да колдонулат.
§2. Жабык отурумдар
87. Конституциялык соттун жабык отурумду өткөрүү боюнча чечими Конституциялык мыйзамдын 41-беренесинде каралган шарттардын жыйындысы сакталганда, сот отурумунун протоколуна киргизилет.
88. Жабык отурумда ишти кароо конституциялык сот өндүрүшүнүн бардык эрежелерин сактоо менен өткөрүлөт.
89. Жашырындуулуктун тийиштүү грифи бар документтерди кароого байланыштуу жабык отурумдарды өткөрүү жашыруун документтер менен иштөөнүн белгиленген эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
90. Жабык сот отурумдарынын жазылган материалдары Конституциялык сотто жашырындуулуктун режимин сактоо менен сакталат.
§3. Конституциялык соттун сот отурумундагы этикет
91. Конституциялык соттун оозеки отурумдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, Мамлекеттик желеги жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы коюлган, атайын жабдылган залда салтанаттуу шартта өткөрүлөт.
Конституциялык соттун судьялары мантия кийип отушат.
92. Конституциялык соттун судьялары сот отурумдар залына киришкенде, ошондой эле алар залдан чыгышканда бардык катышуучулар ордунан турушат.
93. Сот отурумунун катышуучулары төрагалык кылуучунун уруксаты менен туруп, сотко кайрылышат, түшүнүк беришет жана сөз сүйлөшөт.
Бул эрежеден тышкары чыгуу соттун уруксаты менен болушу мүмкүн. Сот отурумунун катышуучулары судьяларга суроо берүүгө укуксуз.
94. Конституциялык сотко жана судьяларга расмий кайрылуунун формалары тиешелүүлүгүнө жараша: "Урматтуу Сот", "Сиздин урматыңыз" же "Урматтуу төрагалык кылуучу", "Урматтуу судья" болот.
95. Тараптарга жана процесстин башка катышуучуларына кайрылууда, ушуга тете эле чыгып сөз сүйлөөдө, аларды эскергенде төмөнкү сөз айкалыштары колдонулат: "Урматтуу тарап", "Урматтуу тараптын өкүлү", "Урматтуу күбө", "Урматтуу эксперт".
Кайрылуу алуучуну тактоо зарылдыгына жараша процесстин тийиштүү катышуучусунун фамилиясы да көрсөтүлөт.
96. Залдагы процесстин катышуучулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жарандар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) Конституциялык сотко, тараптарга, процесстин башка катышуучуларына жана бири бирине карата сый-урмат мамиле кылууга;
2) сот отурумунун залында белгиленген тартипти сактоо жөнүндө төрагалык кылуучунун буйруктарына баш ийүүгө;
3) Конституциялык соттун сот отуруму жүрүп жаткан учурда залда баспоого, сүйлөшпөөгө, репликага жол бербөөгө, ошондой эле отурумдун орундуу жүрүшүнө кандайдыр бир башка тоскоолдуктарды жаратпоого;
4) видео тартуу жана аудио жазууну Конституциялык соттун төрагасынын уруксаты менен жүргүзүүгө.
97. Тараптар, алардын өкүлдөрү жана процесстин башка катышуучулары Конституциялык соттун сот отурумунда сүйлөгөн сөздөрүн кандайдыр бир саясий билдирүүлөр, улуттук, расалык, диний кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыкты пропагандалоо, басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырык таштоо үчүн пайдаланууга укуксуз.
98. Эгерде чыгып сүйлөп жаткан адам каралып жаткан маселенин алкагынан чыкса же чыгып сүйлөгөн сөзүнүн, репликасынын формасы жана мааниси боюнча мазактоочу же орой болсо, сот отурумунда кабыл алынган тартип эрежелерин бузса же сотко сыйлабастык көрсөтсө, төрагалык кылуучу тараптын же анын өкүлүнүн, сот отурумунун башка катышуучуларынын чыгып сүйлөп жаткан сөзүн токтотууга укуктуу.
Конституциялык соттун сот отурумдары аяктагандан кийин сот имаратында Конституциялык соттун өкүлдөрү гана басма сөз үчүн билдирүү жасай алышат. Кайрылуу субъекттери жана процесстин башка катышуучулары Конституциялык соттун уруксаты менен гана сот имаратында басма сөз үчүн билдирүү жасай алышат.
99. Сот отурумунда анын катышуучуларынын же катышкан жактардын көрсөтүлгөн талаптарды бузуусу сотту сыйлабастык катары каралат жана Конституциялык мыйзамдын 47-беренесинин негизинде бузуучуларды сот отурумунун залынан чыгарууга же мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчиликке тартууга алып келет.
100. Эгерде сот отуруму онлайн режимде өткөрүлүп жатса, төрагалык кылуучу тартипти бузгандыгы үчүн микрофонду өчүрүүгө же онлайн отурумдан алып салууга укуктуу.
§4. Сот отурумунда тартипти камсыз кылуу
101. Конституциялык соттун сот отурумунда тартипти кармап туруу сот приставдар кызматтык түзүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт. Залда белгиленген тартипти кармап туруу боюнча алардын талаптары бардык катышкандар үчүн милдеттүү.
Сот приставдар төрагалык кылуучуга баш ийишет.
102. Сот приставы кызматынын бөлүмү менен өз ара иштешүү аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен камсыз кылынат.
§5. Иштерди жазуу жүзүндөгү процедура боюнча кароо
103. Жазуу жүзүндөгү процесс – Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган иштердин категориялары боюнча сот процессинин катышуучулары катышпаган учурда өткөрүлүүчү Конституциялык соттун сот отуруму.
104. Жазуу жүзүндөгү процедура боюнча кароо иштердин төмөнкү категориялары боюнча жүргүзүлөт:
1) Конституцияны расмий чечмелөө жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу;
3) судьянын (судьялардын) суроо-талабы боюнча;
4) кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу же кабыл алуу жөнүндө судьялар коллегиясынын аныктамасына даттанууну кароо тууралуу.
105. Ушул Регламенттин 104-пунктунда көрсөтүлгөн иштер, оозеки соттук териштирүүнүн зарылдыгы Конституциялык сотунун өз демилгеси боюнча же конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын өтүнүчү боюнча таанылган учурларды кошпогондо, эгерде каралып жаткан иш коомдук өөрчүндү жаратса, жазуу жүзүндөгү процедура боюнча жүргүзүлөт.
106. Конституциялык сот ишти жазуу жүзүндөгү процедура боюнча кароодо Конституциялык мыйзамдын 31-беренеси менен белгиленген кароо мөөнөтүн эске алат.
107. Жазуу жүзүндөгү процесске Конституциялык соттун судьялары жана отурумдун протоколун жүргүзгөн отурумдун катчысы катышат. Протоколду түзүүдө ушул Регламенттин 82-пунктунун 1-4, 9-11-пунктчаларынын, 83 жана 84-пункттарынын жоболору колдонулат.
Жазуу жүзүндөгү процесске каралып жаткан маселе боюнча материалдарды даярдоого түздөн-түз катышкан аппараттын кызматкерлери чакырылышы мүмкүн.
108. Жазуу жүзүндөгү процесстин жүрүшүндө төрагалык кылуучу Конституциялык соттун судьяларынан каралып жаткан маселе боюнча оозеки соттук териштирүү жүргүзүүнүн зарылчылыгы жөнүндө, ошондой эле судья-баяндамачыдан конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын бул жөнүндө өтүнүчтөрүнүн бар экендиги жөнүндө тактайт.
Мындай тактоо Конституциялык соттун сот отурумунун протоколунда чагылдырылат.
11-бап. Конституциялык сотто актыларды кабыл алуу
109. Конституциялык сот актыларды чечимдер, корутундулар, токтомдор жана аныктамалар түрүндө кабыл алат. Конституциялык соттун актылары Конституцияга негизделет жана кандай гана кызыкчылыктар болбосун судьялардын алардан эркин болгон укуктук көз карашын билдирет.
110. Конституциялык сот Конституцияны расмий чечмелеп берүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Конституцияга карама-каршы келген учурда конституциялык эмес деп таануу жана мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды чечүүнү караштырган ыйгарым укуктар боюнча кайрылууларды кароонун натыйжасында – чечим, ал эми Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугун, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзам долбоорун текшерүү, Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө кайрылууларды кароонун жыйынтыгында – корутунду кабыл алат.
111. Конституциялык соттун чечими жана корутундусу Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат жана Конституциялык соттун сот отурумуна катышкан Конституциялык соттун төрагалык кылуучусу жана судьялары тарабынан кол коюлат.
Конституциялык соттун башка актылары өзүнчө же протоколдук аныктама түрүндө кабыл алынат.
112. Конституциялык соттун чечими жана корутундусу жыйынтыктоочу акт болуп саналат жана Конституциялык сот тарабынан Конституциялык мыйзамдын 49-беренесинде жана ушул Регламенттин ушул бабында белгиленген эрежелер боюнча кабыл алынат.
Жыйынтыктоочу актыларга судьялар коллегиясынын аныктамаларына арыздануучулардын даттануулары боюнча кабыл алынган Конституциялык соттун токтомдору кирбейт.
113. Кеңешме бөлмөсүндө резолютивдик бөлүктү добуш берүүгө койгонго чейин судья-баяндамачы иштин иш жүзүндөгү жагдайларын жана чечимди кабыл алуу үчүн мааниси бар укук маселелерин баяндайт.
Судья-баяндамачынын сөзүнөн кийин сөз судьяларга берилет.
114. Иштин кароосуна катышкан судьялардын көпчүлүгү тарабынан жактырылган жыйынтыктоочу актынын долбоору анын мындан аркы иштелип бүтүрүлүшүнө негиз болот.
Эгерде судья-баяндамачы чечимдин резолютивдик бөлүгү боюнча добуш берүүдө азчылыкта болуп калса, долбоорду иштеп бүтүрүүдөн баш тартууга укуктуу. Бул учурда Конституциялык соттун төрагалык кылуучусу долбоорду иштеп бүтүрүүнү башка судьяга тапшырат.
115. Жыйынтыктоочу актынын же ага түзөтүүлөрдү киргизүүнүн долбоорун талкуулоо жана добуш берүү жалпысынан да, бөлүктөрү боюнча да өткөрүлүшү мүмкүн.
116. Кеңешменин протоколунда добуш берүүгө коюлган маселелер жана добуш берүүнүн жыйынтыктары милдеттүү түрдө жазылат.
Протокол судья-баяндамачы тарабынан жүргүзүлөт, ага катышкан бардык судьялар кол коет жана ал жарыялоого жатпайт.
117. Кеңешмеге катышкан судьялар талашуунун мазмунун жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыя кылууга укугу жок
118. Конституциялык соттун актысы, эгерде отурумга катышкан судьялардын көпчүлүгү аны жактап добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет.
Бир дагы сунуш көпчүлүк добуш албаган учурда, төрагалык кылуучу добуштардын көпчүлүгүн алган эки сунушту кайталап добушка коет. Чечимди же корутундуну кабыл алууда добуштар тең бөлүнүп калса, анда чечим же корутунду талашылып жаткан актынын конституциялуулугу пайдасына кабыл алынат. Башка актыларды кабыл алууда добуштар тең чыкса, төрагалык кылуучу добуш берген акты кабыл алынды деп эсептелинет.
119. Конституциялык соттун актысы негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш.
120. Конституциялык мыйзамдын 38-беренеси менен каралган тартипте кабыл алынган актыларды кошпогондо, Конституциялык соттун чечими жана корутундусу аларга кол коюлгандан кийин токтоосуз Конституциялык соттун ачык сот отурумунда толук көлөмдө жарыяланат.
Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча чечимдин же корутундунун жүйөлөштүрүү бөлүгүн түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө калтырылышы мүмкүн, бирок алардын резолютивдик бөлүгү ошол эле сот отурумда жарыя кылынат. Жазуу жүзүндөгү процессти жүргүзгөн учурда Конституциялык соттун жыйынтыктоочу актысы жазуу жүзүндөгү процесс жүргүзүлгөн күнү түзүлөт жана кол коюлат жана Конституциялык соттун расмий сайтында жарыяланат.
121. Конституциялык соттун актысында каралып жаткан маселенин мүнөзүнө жараша төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) актынын аталышы, анын чыгарылган датасы жана орду;
2) чечимди же корутундуну чыгарган Конституциялык соттун өздүк курамы;
3) отурумдун катчысы;
4) тараптар жана алардын өкүлдөрү (оозеки отурумду жүргүзгөн учурда);
5) талаптардын предмети, аны кароонун себептери жана негиздери;
6) Конституциялык соттун бул маселени кароо расмий укуктарын белгилеген Конституциянын жана Конституциялык мыйзамдын ченемдери;
7) тараптардын жүйөлөрү;
8) Конституциялык сот тарабынан белгиленген иш жүзүндөгү укуктук жана башка жагдайлар;
9) анын жарыяланган же алынган булагын көрсөтүү менен, конституциялуулугу текшерилген ченемдик укуктук актынын так аталышы;
10) кароонун жыйынтыгы боюнча чечим же корутунду чыгарылган кайрылуунун предмети;
11) Конституциялык сот кабыл алган актынын пайдасындагы жүйөлөр, ал эми зарыл болгондо, ошондой эле тараптардын ырастоолорун четке кагуучу жүйөлөр;
12) Конституциялык сот актыны кабыл алган учурда жетекчиликке алган Конституциянын жана Конституциялык мыйзамдын ченемдери;
13) каралган иштин маңызы боюнча соттун тыянагы;
14) актынын акыркы экендигине жана аны аткаруунун милдеттүүлүгүнө карата көрсөтмө;
15) актынын күчүнө кирүү тартиби, ошондой эле аткаруунун жана жарыялоонун тартиби, мөөнөттөрү жана өзгөчөлүктөрү.
122. Ушул Регламенттин 121-пунктунда белгиленген Конституциялык соттун актысынын мазмуну актынын кириш-сыпаттама, жүйөлөштүрүү жана резолютивдик бөлүктөрүндө чагылдырылат.
Ушул Регламенттин 121-пунктунун 1-7-пунктчаларында каралган жоболор кириш-сыпаттама бөлүгүндө көрсөтүлөт. Жүйөлөштүрүү бөлүгү ушул Регламенттин 121-пунктунун 8-12-пунктчаларында көрсөтүлгөн жоболорду камтыйт. Резолютивдик бөлүктө тиешелүүлүгүнө жараша ушул Регламенттин 121-пунктунун 13-15-пунктчаларынын жоболору көрсөтүлөт.
123. Эгерде судьянын өзгөчө пикири болсо, ал чечим кабыл алынган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде келтирилет, иштин материалдарына тиркелет жана актынын өзү жарыяланууга жаткан басылмаларда Конституциялык соттун актысы менен бирге жарыяланат.
124. Конституциялык сот актыны жарыялагандан кийин, андагы аталыштардагы, белгилердеги так эместиктерди, каталарды жана айкын редакциялык жана техникалык кемчиликтерди оңдошу мүмкүн, ал жөнүндө аныктама чыгарат.
Каталарды оңдоо Конституциялык сот өз демилгеси боюнча же процесстин катышуучуларынын талабы боюнча жүргүзөт. Актыда кетирилген так эместиктерди, каталарды, редакциялык жана техникалык кемчиликтерди оңдоого Конституциялык соттун сот отурумунда гана жол берилет. Бул маселени кароодо Конституциялык соттун отуруму, эгерде ага Конституциялык соттун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат. Мындай отурум тараптар, алардын өкүлдөрүнүн жана башка жактардын катышуусуз өтөт.
125. Конституциялык соттун чечимдери жана корутундулары аппарат жетекчиси тарабынан тараптарга, ченемдик укуктук актылар кароонун предмети болгон мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына Конституциялык соттун расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
Конституциялык соттун чечимдери жана корутундулары мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий басылмаларында жана "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысына", Конституциялык соттун расмий сайтында, ошондой эле зарыл болгондо башка басылмаларда да жарыяланат. Чечим же корутунду жарыяланган күнү кабыл алынган чечим боюнча пресс-релиз Конституциялык соттун расмий сайтында жайгаштырылат.
126. Жыйынтыктоочу актылардын аткарылуусуна мониторинг жүргүзүү максатында Конституциялык сот актылары кароо предмети болгон ченем жаратуучу органдарга алардын аткарылуусунун абалы тууралуу суроо-талаптарды жөнөтөт.
Суроо-талаптарга келип түшкөн маалыматтын жыйынтыгы боюнча аппарат тарабынан Конституциялык соттун жыйынтыктоочу актыларынын аткарылуусунун анализи жасалат. Конституциялык соттун төрагасы жана аппарат жетекчиси конституциялык мыйзамдуулуктун жүрүшүн жана Конституциялык соттун актыларынын ченем жаратуучу органдар тарабынан аткарылуусунун жыйынтыктарын системалуу түрдө карап турушат. Конституциялык соттун актыларын аткаруу боюнча ченем жаратуучу органдар менен өз ара аракеттенүүнү анын аппараты ишке ашырат.
III БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
12-бап. Конституциялык соттун коомчулук менен өз ара аракети. Конституциялык соттун баяндамалары
127. Конституциялык сот ар бир календардык жылдын башында жылдык жыйынды өткөрөт, анда өткөн жылдын жумушу боюнча жыйынтыктарды чыгарат, жасалган жумуш тууралуу маалыматты талдайт, аппараттын отчетун угат.
128. Конституциялык сот жылдык жыйындын жыйынтыгы боюнча Төрага тарабынан бекитиле турган жылдык баяндама жарыялайт, ал Конституциялык соттун ишмердиги тууралуу коомчулукту маалымдоо максатында мамлекеттик органдарга, чет мамлекеттердин конституциялык контролдоо органдарына, башка органдарга жана уюмдарга жөнөтүлөт.
129. Конституциялык сот коомчулукту өзүнүн ишмердиги тууралуу маалымдоо максатында сынактарды, мейман лекцияларын, конституционализмдин мектептерин, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрө алат.
13-бап. Конституциялык соттун мамлекеттик бийлик органдары, жарандык коом жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракети
130. Конституциялык соттун чет өлкөлүк конституциялык соттор жана ага шайкеш институттар менен өз ара аракеттенүүсү эл аралык кызматташуунун алкагында жүзөгө ашырылат.
131. Конституциялык соттун эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
132. Конституциялык соттун жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
133. Конституциялык соттун ишмердигинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында анын Төрагасы Конституциялык соттун судьяларынын сунушу боюнча же өзүнүн демилгеси менен координациялык жана коллегиалдык-кеңешме органдарын түзүшү мүмкүн.
Координациялык жана коллегиялык-кеңешме органдарынын курамына судьялар жана аппарат кызматкерлеринен тышкары мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, илимий жана эксперттик жамааттардын өкүлдөрү кирет.
134. Конституциялык соттун ишмердиги тууралуу маалыматты алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
14-бап. Регламентти кабыл алуу, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү процедурасы
135. Регламенттин долбоору Конституциялык соттун бекитилишине анын төрагасы көрсөтөт.
136. Регламент ачык добуш берүү жолу аркылуу добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
Конституциялык соттун Регламенттин кабыл алуу жөнүндө чечим токтом түрүндө кабыл алынат.
137. Регламентти кабыл алууда Конституциялык соттун жыйналышы, эгерде отурумда Конституциялык соттун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, ыйгарым укуктуу болуп саналат.
138. Ушул эле тартипте Регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор Конституциялык соттун судьяларынын демилгеси боюнча Конституциялык сот тарабынан кабыл алынат.
139. Регламент, ошондой эле ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысына" расмий жарыяланууга тийиш жана Конституциялык соттун расмий сайтында жайгаштырылат.
140. Ушул Регламент конституциялык сот өндүрүшүнүн бардык катышуучулары тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп саналат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 15.11.2021 · № 139
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын "Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 133
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.