Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Сары-Жаз» кен-энергетикалык корпорациясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдан 7-сентябры № 621 "Сары-Жаз" кен-энергетикалык корпорациясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө Сары-Жаз суусунун суу-энергетикалык ресурстарын, ошондой эле Сары-Жаз капчыгайында жайгашкан пайдалуу казындыларды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Сары-Жаз" кен-энергетикалык корпорациясы" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- бир акциясы 100 (бир жүз) сом номиналдык наркы менен 1000 (бир миң) даана жөнөкөй ысымдык акцияларга бөлүнгөн, 100000 (бир жүз миң) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталын аныктап, ушул ачык акционердик коомдун акцияларынын 100 (бир жүз) пайызын мамлекеттик менчикке бекитип, "Сары-Жаз" кен-энергетикалык корпорациясы" ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;
- мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарынын эсебинен "Сары-Жаз" кен-энергетикалык корпорациясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына 100000 (бир жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатты салсын;
- Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында "Сары-Жаз" кен-энергетикалык корпорациясы" ачык акционердик коомунун мамлекеттик каттоосун жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы кайтарымсыз пайдалануу келишиминин шарттарында, эки жылдык мөөнөткө коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик имаратка "Сары-Жаз" кен-энергетикалык корпорациясы" ачык акционердик коомун жайгаштыруу жөнүндө маселени чечсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64