# 8-статья. Темир жол транспортунун жерлери

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/98)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 9-июлундагы № 90 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 09.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2016 года № 121 "О железнодорожном транспорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 марта 2010 года № 37 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/202925)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/98#diff=726869..726870>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-87/edition/726867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 8-статья (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-8

---

1. Темир жол транспортунун жерлери аларга жүктөлгөн атайын милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн темир жол ишканаларынын жана мекемелеринин пайдалануусуна акысыз жана туруктуу (мөөнөтсүз) берилүүчү мамлекеттик маанидеги жерлер болуп саналат. Темир жол транспортунун жерлерине темир жолдор жана станциялар (бөлүп берүү тилкесин кошуп алганда) үчүн, ошондой эле коргоо жана бекемдөө бак-дарактары, курулуштар, имараттар, курулмалар жана өнүгүүнүн келечегин эске алуу менен темир жолду пайдалануу жана кайра конструкциялоо үчүн зарыл болгон башка объекттер үчүн бөлүнүп берилген жерлер кирет. Убактылуу мүнөздөгү максаттар үчүн темир жол транспортунун ишканаларына жана мекемелерине жерлер ижарага алуу шарттарында берилиши мүмкүн.

2. Темир жол транспортунун бөлүп берүү тилкесинин чегиндеги жерлерин коргоонун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана башка укуктук ченемдик актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Жер участокторунун өлчөмү (бөлүп берүү тилкесин кошуп алганда) темир жол курулмаларынын жана станцияларынын белгиленген тартипте бекитилген долбоорлоо-сметалык документтери менен өнүгүүнүн башкы чиймелерине ылайык, ал эми участокторду бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аларды өздөштүрүүнүн кезегин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

3. Темир жол транспортунун жерлери аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленүүчү шаар куруу жана экологиялык талаптарга, ошондой эле санитардык жана башка ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.

(КР 2010-жылдын 2-мартындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-9)
