# 7-статья. Темир жол транспортунун мүлкү

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/98)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 9-июлундагы № 90 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 09.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2016 года № 121 "О железнодорожном транспорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-87/edition/726867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 7-статья (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-7

---

1. Темир жол транспортунун ишканаларынын, мекемелеринин жана объекттеринин мүлкү мындай ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин толук чарбалык карамагында болот.

2. Темир жол транспортунун ишканаларын, мекемелерин башкаруу жана мүлкү менен объекттерин тескөө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана башка укуктук ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Ташуу процессин тике камсыз кылуучу жана жол кырсыктык-калыбына келтирүү жумуштарын жүзөгө ашыруучу темир жол, ошондой эле темир жол транспортунун объекттери жана башка мүлкү мамлекеттен ажыратылбоого жана менчиктештирилбөөгө тийиш.

Темир жол транспортунун башка объекттерин менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-8)
