Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-статья. Темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү
Күчүн жоготкон · 18.07.2016 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2016 года № 121.
ташуу жаатындагы транспорттук саясат
1. Ташуу жаатындагы жалпы мамлекеттик саясат транспорттук курулуштун, курчап турган чөйрөнү коргоонун, энергияны сарамжал пайдалануунун жана коопсуздуктун планында алардын артыкчылыктарын эске алуу менен менчик жана мамлекеттик темир жол транспортунун шайкеш өнүгүшүн жокко чыгарбайт. Ал инфраструктураны, жабдууларды жана кыймылдуу курамды түзүү, тейлөө жана пайдалануу менен байланышкан рыноктук экономикалык коромжуларды, ошондой эле кардарлар жана үчүнчү жактар тартуучу акчалай жана натуралай түрдөгү социалдык коромжуларды эсепке алат.
2. Транспорттук саясат аларды пайдалануунун шарттарын жөнгө салуу, атап айтканда, аралаш ташууларды сарамжал өнүктүрүү жолу менен алардын өз ара кызматташтыгына жана кооперацияланышына көмөктөшүү менен транспорттун түрлөрүнүн ортосундагы адилет теңтайлашуунун негиздерин белгилейт.
3. Жалпы транспорттук саясаты жүзөгө ашыруу ишке тиешеси бар бардык тараптардын катышуусу менен борборлоштурулбаган, келишимдик пландаштыруунун негизинде мамлекет жана областтык органдар тарабынан биргелешип камсыз кылынат. Ал аймакты өнүктүрүүнүн улуттук жана жергиликтүү пландарын эске алуу менен транспортту өнүктүрүүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк берет.
4. Коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу темир жол транспортун пайдаланууну өнүктүрүү артыкчылыкка ээ.
5. Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекет менен анын аймактык органдарынын жана темир жол транспорту жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын ортосунда келишимдер түзүлүшү мүмкүн.
Берененин тексти 18.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/98/st-5" title="5-статья - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>