# 4-статья. Ташуу укугу

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/98)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 9-июлундагы № 90 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 09.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2016 года № 121 "О железнодорожном транспорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 марта 2010 года № 37 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/202925)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/98#diff=726869..726870>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-87/edition/726867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 4-статья (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-4

---

1. Эгерде:

- жүк жөнөтүүчү ушул Мыйзамдын талаптарын, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн, жүктөрдү, почтаны жана темир жол тарифтеринин талаптарын сактаса;

- ташуу темир жол кызматтарын көрсөтүүгө керектөөлөрдүн көлөмүн канааттандыруучу демейдеги персоналдын жана демейдеги темир жол транспортунун каражатынын жардамы менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн болсо;

- ташууга темир жол аларды болтурбай кое албоочу жана четтете албоочу жагдайлар (аскердик аракеттер, блокадалар, жугуштуу оорулар, табигый кырсыктар ж.у.с) тоскоолдук кылбаса;

- ташууга берилген нерселер ташууга жол берилбеген нерселердин тизмесине кирбесе же жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн, жүктөрдү жана почтаны ташуу жөнүндө жободо камтылган белгилүү бир шарттарда гана ташууга жол берилсе темир жол жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн, жол жүктөрүн жана почтаны ташууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.

2. Кардар кол жеткидей сапат жана баа боюнча ташууга укуктуу. Ташуу укугуна ага берилүүчү темир жол транспортунун каражаттары жана аларды пайдалануунун шарттары жөнүндө маалыматка болгон укук кирет.

3. Эгерде темир жол транспортунун тиешелүү уюмдарынын, ишканаларынын жана мекемелеринин тескөөсүндө андайлар жок болсо, темир жол аларды жүктөө, кайра жүктөө жана түшүрүү үчүн атайын шаймандар талап кылынган жүктөрдү кабыл алууга милдеттүү эмес.

4. Темир жол аларды ташуу токтоосуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон жүктөрдү гана кабыл алуга милдеттүү, ал эми убактылуу сактоонун шарттары Жүктөрдү ташуу жөнүндө эрежелер тарабынан аныкталат.

5. Эгерде ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан темир жол кызматтарын көрсөтүүнү токтотуу, айрым жүктөрдү кабыл албоо же аларды белгилүү бир шарттарда кабыл алуу, ошондой эле толук же жарым-жартылай токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынса, анда мындай чаралар жөнүндө токтоосуз коомчулукка жана темир жолго кабарланып, темир жол бул жөнүндө башка мамлекеттердин темир жолдоруна кабарлайт.

6. Жүк жөнөтүүчүлөр жүк алуучулар, жүктү жөнөтүүчүлөр жана алардын атынан аракеттенген экспедитордук жана башка ишканалар жана жүргүнчүлөр темир жолдор менен бирдей эле ташуулардын макулдашылган көлөмдөрү, эсептешүүлөрдүн өз убагында жасалышы, кыймылдын коопсуздугун, жүктөрдүн, темир жолдун кыймылдуу курамынын, контейнерлердин, алып коюучу ташуу шаймандарынын сакталышы, ошондой эле кыймылдуу курамды, контейнерлерди, башка мүлктү ижаралоо боюнча өздөрүнө алган милдеттенмелерди жана ушул Мыйзам тарабынан каралган башка жоболор менен жүк жөнөтүүчүлөрдүн, жүк алуучулардын, жүргүнчүлөрдүн жана темир жолдун ортосундагы келишимдерди камсыз кылууга тийиш.

7. Темир жолдун кызматтарынан пайдалануучу кардарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ташуу менен байланышкан жумуштарды жана кызматтарды аткаруу боюнча кошумча келишимдерди түзүшү мүмкүн.

8. Колдонуудагы жоболорго ылайык жүктөрдү ташуу мүмкүн болбогон учурда жүк жөнөтүүчү же жүктөрдү кабыл алуучу темир жол менен биргелешип жүктөрдү өзгөчө шарттарда ташуу жөнүндө келишип алышы мүмкүн.

(КР 2010-жылдын 2-мартындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-5)
