# 29-статья. Темир жол транспортун мобилизациялык даярдоо

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/98)
- Документтеги орду: IX бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 9-июлундагы № 90 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 09.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2016 года № 121 "О железнодорожном транспорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-87/edition/726867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 29-статья (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-29

---

1. Темир жол транспортун мобилизациялык даярдоо мамлекеттин коопсуздугун башкаруу боюнча эң маанилүү мамлекеттик маселе болуп саналат жана тынчтык мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин жана аскердик түзүлүштөрүнүн керектөөлөрүн, өлкөнүн экономикасы менен калкынын ташууларга болгон кийинкиге калтырылгыс муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алдын ала даярдоо максатында жүзөгө ашырылат.

2. Темир жол транспортун мобилизациялык даярдоо боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Темир жол транспортунда мобилизациялык даярдыкка жана граждандык коргонууга жетекчилик кылуу транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Темир жол транспортунун ишканалары менен мекемелеринде мобилизациялык даярдыктын жана граждандык коргонуунун тиешелүү абалы үчүн жоопкерчиликти алардын жетекчилери тартат.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-30)
