29-статья. Темир жол транспортун мобилизациялык даярдоо
Күчүн жоготкон · 18.07.2016 редакциясы · IX бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2016 года № 121.
29-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 29-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Темир жол транспортун мобилизациялык даярдоо мамлекеттин коопсуздугун башкаруу боюнча эң маанилүү мамлекеттик маселе болуп саналат жана тынчтык мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин жана аскердик түзүлүштөрүнүн керектөөлөрүн, өлкөнүн экономикасы менен калкынын ташууларга болгон кийинкиге калтырылгыс муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алдын ала даярдоо максатында жүзөгө ашырылат.
2. Темир жол транспортун мобилизациялык даярдоо боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Темир жол транспортунда мобилизациялык даярдыкка жана граждандык коргонууга жетекчилик кылуу транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Темир жол транспортунун ишканалары менен мекемелеринде мобилизациялык даярдыктын жана граждандык коргонуунун тиешелүү абалы үчүн жоопкерчиликти алардын жетекчилери тартат.
Берененин тексти 18.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/98/st-29" title="29-статья - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>