Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 18.07.2016 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2016 года № 121.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: темир жол транспорту - мамлекеттик башкарууну транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жүзөгө ашырган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган жалпы пайдалануудагы транспорттун түрүнүн бири, өзүнө кирген өндүрүштүк жана социалдык багыттагы ишканалары, мекемелери бар бирдиктүү өндүрүштүк-техникалык комплекс болот; темир жол - өз курамына кирген ишканалар менен мекемелердин өндүрүштүк-чарбалык жана башка ишин жөнгө салуунун негизинде тейленүчүү региондогу экономиканын жана калктын жүк ташууларга болгон керектөөлөрүн борборлоштурулган башкарууда жана дүйнөлүк катнаштын башка темир жолдору жана Кыргыз Республикасынын транспортунун башка түрлөрү менен өз ара аракеттенип камсыз кылуучу, курамына кирген ишканалар менен мекемелерге карата алганда башкаруунун жогорку органынын милдетин жүзөгө ашыруучу темир жол транспортунун негизги мамлекеттик ишканасы; темир жолдун уставы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, темир жолдун, юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде экспедитордук жана башка уюмдар менен алардын атынан аракеттенүүчүлөрдүн, темир жол транспортунун кызматтарынан пайдалануучулардын жана түздөн-түз аралаш катнашууга катышуучу транспорттун башка түрлөрүнүн ишканаларынын укуктарын, милдеттери менен жоопкерчилигин аныктоочу ченемдик укуктук акт; транспорттук кызматтардын рыногу - жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн жана жол жүктөрүн ташууну, транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөөнү, оңдоону, ташууларга байланыштуу жумуштардын (кызматтардын) көмөкчү жана башка түрлөрүн жүзөгө ашыруунун чөйрөсү; темир жол транспортунун өндүрүштүк-техникалык комплекси - кыймылдуу курамды жана контейнерлерди оңдоону жана учурга ылайыкташтырууну, запастык бөлүктөрдү, жабдуулар менен материалдарды өндүрүүнү жана жөнөтүүнү, ишканаларды жана мекемелерди байланыш каражаттары менен камсыз кылууну, темир жол транспорту жаатындагы жана социалдык чөйрөдөгү кадрларды даярдоо боюнча алардын технологиялык маалыматтарын жыйноону жана иштетүүнү жүзөгө ашыруучу темир жолдун, ишканалардын бирдиктүү тармагы; кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу - темир жол транспортунун, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана жеке жактардын темир жол транспортунун үзгүлтүксүз иштешине жана ташуунун жүрүшүндө кырсыктуу кырдаалдардын пайда болушуна жол бербөөгө, ошондой эле мүмкүн болуучу кырсыктардын кесепеттерин төмөндөтүүгө багытталган иши; бөлүнүп берилген тилкелер - жер тилкеси, жасалма курулмалар, линиялык жол жана башка имараттар, темир жол транспортунун байланыш түзүлүштөрү, темир жол станциялары, коргоочу токой тилкелери жана жол түзүлүштөрү ээлеген жерлер, ошондой эле мамлекет тарабынан келечекте темир жол транспортун өнүктүрүү үчүн бөлүнүп берилген же резервделген жерлер; коргоо зоналары - темир жол транспортунун курулмаларынын, түзүлүштөрүнүн жана башка объекттеринин сакталышын, бекемдигин жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жер участоктору, ошондой эле шиленме (селге, жер көчкүгө, уроого, сууга жуулууга жана башкаларга байымсыз, кумдак) кыртыштуу, темир жол транспортунун жерлерине жакын жайгашкан жер участоктору; ташуу процесси - жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн жана жол жүктөрүн ташууларды даярдоодо, жүзөгө ашырууда жана аяктоодо темир жол ишканалары жана башка кичи бөлүмдөрү тарабынан аткарылуучу өз ара байланыштуу уюштуруучулук жана технологиялык аракеттер менен операциялардын жыйындысы; жалпы пайдалануудагы темир жолдор - поезддерди кабыл алуу жана жөнөтүү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн жана жол жүктөрүн кабыл алуу жана берүү, жүргүнчүлөрдү тейлөө, кыймылдуу курамды башка жолго которуу боюнча тиешелүү операцияларды аткаруу үчүн ачык болгон темир жол станциялары жайгашкан темир жол линиялары; түздөн-түз аралаш жол катнашы - жол жүрүүнүн акырына чейин түзүлгөн бир транспорт документи (коштомо) боюнча транспорттун ар башка түрлөрү менен жүзөгө ашырылуучу ташуулар; жүргүнчү - жол жүрүү документи бар жана поездде сапар тартып бара жаткан граждан (жеке жак); жүк - темир жол тарабынан ташууга белгиленген тартипте кабыл алынган, анын өз убагында жеткирилиши жана сакталышы үчүн темир жол Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартуучу темир жол ташуусунун объекти (буюмдар, нерселер, пайдалуу кендер, минералдар ж.у.с.); жол жүгү - жүргүнчүнүн жол жүрүү документинде көрсөтүлгөн баруучу станцияга чейин жол жүк вагонунда өзүнчө акы төлөп өзүнүн жеке тиричилик максаттары үчүн жүргүнчү тарабынан жөнөтүлгөн жеке буюмдар, башка материалдык баалуулуктар; таңгакталган жол жүгү - жүргүнчүлөр жана почта-жол жүктөрү үчүн поезддеринде ташылуучу жүк, башка материалдык баалуулуктар; коркунучтуу жүктөр - өздөрүнө тиешелүү касиеттеринин айынан белгилүү бир факторлор болгондо транспорт менен ташуунун жүрүшүндө, жүктөөчү-түшүрүүчү иштерди жүргүзүүдө жана сактоодо жарылуунун, өрттүн же темир жол транспортунун техникалык каражаттарынын, түзүлүштөрүнүн, курулмаларынын жана башка объекттеринин бузулушунун, ошондой эле адамдардын, айбанаттардын өлүмүнүн, денесине зыян келишинин, ууланышынын, күйүккө кириптер болушунун же оорушунун себеби болушу мүмкүн болгон, же курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зыян алып келиши мүмкүн болгон заттар, материалдар, буюмдар, өндүрүштүк жана башка иштин калдыктары; атайын ташуулар - өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана коргоо муктаждыктарын канааттандыруу үчүн атайын жүктөрдү транспорт менен ташууну камсыз кылуучу ташуулардын өзүнчө түрү; эл аралык темир жол катнашы - Кыргыз Республикасынын жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттер менен эл аралык катнашууну кошуп алганда, дүйнөлүк коомдоштуктун чет мамлекеттеринин ортосундагы жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн жана жол жүктөрүн ташуу; жүк жөнөтүүчү - ал тарабынан же анын атынан, же ал жактан жүктү ташууга темир жол менен келишим түзүлгөн ар кандай жак, же жүк ал жактан, же анын атынан иш жүзүндө темир жолго ташууга өткөрүлүп берилген ар кандай жак; жүк алуучу - жүктү алууга ыйгарым укук берилген жак; темир жол курамы - темир жол кыймылына бир бүтүн нерсе катары катышкан атайын транспорттук каражаттар; контейнер - транспорттук жабдуу (алып коюлма тор, коробка, цистерна же башка ыңгайлаштырылган көмөкчү нерселер); темир жолдун линиялык кичи бөлүмдөрү - темир жолдун негизги ишин башкаруунун өндүрүштүк структурасынын звенолору (ылгоочу, жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн темир жол станциялары, локомотивдик жана вагондук деполор, ташуу процессин камсыз кылуучу башка кичи бөлүмдөрдү кошуп алганда, жолдун, белги берүүнүн жана байланыштын, суу менен жабдуунун жана энергия менен жабдуунун аралыктары.
Берененин тексти 18.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/98/st-2" title="2-статья - Темир жол транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>