# 14-статья. Темир жол транспортунун финансы-экономикалык ишинин

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/98)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 9-июлундагы № 90 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 09.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2016 года № 121 "О железнодорожном транспорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-87/edition/726867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 14-статья (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-14

---

негиздери

1. Темир жол транспортунун ишканалары менен мекемелери финансылык-экономикалык ишин мамлекеттик жөнгө салуунун жана рынок мамилелеринин принциптеринде жүзөгө ашырат.

2. Темир жол менен темир жол транспортунун кыймылдуу курамды оңдоо жана запастык бөлүктөрдү өндүрүү боюнча ишканаларынын, ташуу процессин уюштуруу жана камсыз кылуу менен байланышкан темир жол транспортунун башка ишканаларынын жана мекемелеринин ортосундагы экономикалык өз ара мамилелер (ташуулардан түшкөн кирешелерди бөлүштүрүүнү, техникалык каражаттарды ташууда жүктөрдүн сакталбагандыгына жана бузулгандыгына байланыштуу эсептешүүлөрдү кошуп алганда) транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан аныкталган тартиптеги бирдиктүү технологиялык ишке, ошондой эле анын негизинде ишканалар менен мекемелердин ортосунда түзүлгөн келишимдерге негизденүү менен жөнгө салынат.

3. Магистралдык темир жол линияларын мобилизациялык арналыштагы объекттерди куруу жана кайра конструкциялоо, темир жол кыймылдуу курамын сатып алуу мамлекеттик муктаждыктарга кирет, ал эми каржылоо белгиленген тартипте республикалык бюджеттин эсебинен "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык темир жолдун менчик каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Региондун калкын тейлөө боюнча темир жол транспортунун линияларын, бекеттерин, жөө адамдар өтчү көпүрөлөрүн, тоннелдерин, жүргүнчүлөр платформаларын жана башка объекттерин куруу жана кайра конструкциялоо (анын ичинде электрлештирүү) жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын каражаттарынын, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, темир жолдун каражаттарынын, ошондой эле ишке тиешеси бар уюмдардын жана жеке жактардын ыктыярдуу мүчөлүк акыларынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары тарабынан темир жол транспортунда жол жүрүүгө жеңилдик белгиленген граждандарды кошпогондо, темир жол транспортунда жол жүрүү билеттери жүргүнчүлөргө толук наркка сатылат.

Граждандардын айрым категорияларына темир жол транспорту менен жол жүрүүнү төлөө боюнча жеңилдиктер берүүдө жеңилдиктерди компенсациялоо республикалык бюджеттин же болбосо жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Жол жүрүү билеттерин сатуунун тартиби Темир жол менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, таңгакталган жол жүгүн ташуунун тартиби тарабынан аныкталат.

5. Жүктү, таңгакталган жол жүгүн, жол жүгүн жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын темир жол транспортунун ишканалары менен ташуу, жүк операциялары жана кыймылдуу курамды колдонгондук үчүн эсептешүүлөрү, ошондой эле айыптарды жана туумдарды төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана алардын негизинде түзүлгөн келишимдер тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.

Темир жол транспортунун ишканалары өздөрүнө ташуу үчүн өткөрүлүп берилген жүктөрдү тиешелүү акыны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталуучу тартиптеги ташуу боюнча башка акыларды камсыз кылуу үчүн кармап турууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-15)
