# 12-статья. Темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү,

- Документ: [Темир жол транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/98)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 9-июлундагы № 90 "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 09.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2016 года № 121 "О железнодорожном транспорте"](https://aqlex.ai/kg/doc/111398)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 марта 2010 года № 37 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте""](https://aqlex.ai/kg/doc/202925)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/98#diff=726869..726870>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-87/edition/726867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Темир жол транспорту жөнүндө, 12-статья (18.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-12

---

таңгакталган жол жүктөрүн, жол жүктөрүн жана почтаны ташууну уюштуруунун негиздери

1. Жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн, жол жүктөрүн жана почтаны ички катнашуудагы темир жол транспорту менен ташуу, Темир жолдордо жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана таңгакталган жол жүгүн ташуунун эрежелери жана Кыргыз темир жолу менен жүктөрдү ташуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

2. Темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, таңгакталган жол жүктөрүн, жол жүктөрүн эл аралык катнашууда ташуу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Ташуулардын сапатынын (жеткирүүнүн мөөнөтү, жүктөрдүн, таңгакталган жол жүгүнүн, жол жүгүнүн жана почтанын сакталышы) жана темир жол жана аларды ташуу жана тейлөө менен байланыштуу башка ишканалар үчүн милдеттүү болгон жүргүнчүлөрдү, жүк жөнөтүүчүлөрдү жана жүктү алуучуларды, таңгакталган жол жүктөрүн жана жол жүктөрүн тейлөөнүн көрсөткүчтөрү Темир жол менен жүргүнчүлөрдү, жол жүктөрүн жана таңгакталган жол жүктөрүн ташуунун эрежелеринде жана Кыргыз темир жолу тарабынан жүктөрдү ташунун эрежелеринде каралган тартипте белгиленет.

(КР 2010-жылдын 2-мартындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/98/st-13)
