# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-августундагы № 576 "Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-августундагы № 576 "Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 576
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97904>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18395/edition/759306/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97904.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-августундагы № 576 "Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу маселелери жөнүндө" токтому (14.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97904

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 13-августу № 576 Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу маселелери жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери:

- иш-аракеттери мамлекеттик органдарга материалдык зыян тартууга алып келген адамдарга карата кайтарма талаптарды (регресс) коюу боюнча чараларды көрүшсүн;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына адамды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө негизсиз чечим кабыл алуу менен тийиштүү мамлекеттик органга материалдык зыян келтирген адамдар жөнүндө маалыматты квартал сайын берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына сунушталсын:

- ушул токтомду аткарууну бузууга жол берген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилерине карата тийиштүү чараларды көрүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберүү;

- регресс тартибинде зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндө мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү.

4. Аткаруу бийлиги органдарынын тутумуна кирбеген мамлекеттик органдарга регресс тартибинде зыяндын ордун толтуруу маселелери боюнча ушул токтомду жетекчиликке алуу сунушталсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
