# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 568 "Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 568 "Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 568
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97895>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18387/edition/748549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97895.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 568 "Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (24.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97895

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАКСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-августу № 568 Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган деп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти:

- бир айлык мөөнөттө борборлоштурулган сатып алууларды уюштуруу боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;

- министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген табыштамаларга ылайык борборлоштурулган сатып алуулар жүргүзүлүүчү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктасын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
