# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 556
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97892>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18385/edition/1060458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97892.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (25.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97892

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 627 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 3-августу № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 396 "Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролду оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
