# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 505 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 505 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 505
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97887>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18381/edition/748533/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97887.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 505 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (20.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97887

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 20-июлу № 505 "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене. Бишкек шаарында 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө Гранттык макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына билдирсин. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
