# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө, Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жоболорду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө, Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жоболорду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 493
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/97879>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18378/edition/754419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/97879.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө, Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жоболорду бекитүү тууралуу" токтому (23.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/97879

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 14-июлу № 493 Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө, Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жоболорду бекитүү тууралуу Объекттерди долбоорлоо жана куруу мөөнөттөрүн кыскартуу, Бишкек шаарынын аймагындагы шаар куруу ишинде түзүлгөн көйгөйлүү кырдаалды жоюу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө бекитилген убактылуу жобого ылайык Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын аймагында курулушту этабы менен жүргүзүүнү жана объекттерди долбоорлоону караштырган мыйзам кабыл алынганга чейин колдонулат.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
